- Жеке кардарлар үчүн
- Акча которуулар
- Аты-жөнү аркылуу которуулар
Аты-жөнү аркылуу которуулар
Кыргызстандын ичинде тез акча которууларды ишке ашырыңыз – сиз алуучунун толук аты-жөнүн билишиңиз жетиштүү!
Которуу валюталары: KGS, USD, EUR, RUB.
*Чет элдик валютада которууну жөнөтүү жана алуу үчүн алгач чет элдик валютада банк эсебин ачуу керек.
КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТҮҮ КЕРЕК?
«Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу үйүңүздөн чыкпай эле, оңой акча жөнөтүңүз жана алыңыз.
Которуу жөнөтүү үчүн:
1. «Компаньон» тиркемесин жүктөп алыңыз;
2. Идентификациялоодон өтүңүз;
3. Эгерде которуу чет өлкөлүк валютада жөнөтүлсө, которууну жөнөтүүдөн мурун чет элдик валютадагы банк эсебин ачууңуз керек жан ал эсеп толукталышы керек;
4. Тиркеменин башкы бетинде «Которуулар» бөлүмүн тандаңыз;
5. Андан кийин «Аты-жөнү боюнча» деген которуунун түрүн басып, ичинен «Акча которуу» дегенди тандаңыз;
6. Ачылган терезечеде реквизиттерди толтуруңуз:
- алуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты;
- «Которуу валютасы» – берилген тизмеден которуу валютасын тандоо;
- «Эсептен» – тизмеден акча каражаты которула турган эсепти (учурдагы эсеп же электрондук капчыкты) тандоо;
- «Которуу суммасы».
7. Андан кийин, «Төлөө» жана «Тастыктоо» деген баскычтарды басыңыз;
8. Операция тастыкталгандан кийин экранда код менен терезече ачылат. Аны алуучуга жөнөтүү керек.
Жөнөтүүчү которууну жөнөтүүдөн мурун комиссиянын суммасын көрөт.
КОТОРУУНУ КАНТИП АЛУУ КЕРЕК?
1. «Компаньон» тиркемесин жүктөп алуу;
2. Идентификациялоодон өтүү;
3. Эгерде которуу чет өлкөлүк валютада жөнөтүлсө, которууну жөнөтүүдөн мурун чет элдик валютадагы банк эсебин ачуу;
4. Тиркеменин башкы бетинде «Которуулар» бөлүмүн тандоо;
5. Андан кийин «Аты-жөнү боюнча» деген которуунун түрүн басып, ичинен «Акча которууну алуу» дегенди тандоо;
6. Ачылган терезечеде төмөнкү маалыматтарды толтуруңуз:
- «Жашыруун код» – жөнөтүүчүдөн алынган жашыруун коддун символдорун жана номерлерин көрсөтүү;
- «Эсепке» — акча каражаттары которула турган тизмеден учурдагы эсепти же электрондук капчыкты тандоо;
- «Которуу валютасы» – берилген тизмеден которуу валютасын тандоо.
7. Андан кийин, сиз «Тастыктоо» баскычын басышыңыз керек;
8. Тастыкталгандан кийин каражаттар көрсөтүлгөн реквизиттерге чегерилет жана которуу квитанциясын көрүү опциясы пайда болот.
Аты-жөнү боюнча которуулар үчүн комиссиялар:
KGS: 30 000 сомго чейин - 30 сом, 30 000 сомдон жогору - которуу суммасынан 0,1%.
USD: 400 АКШ долларына чейин - 0,4 АКШ доллары, 400 доллардан жогору - которуунун суммасынан 0,15%.
EUR: 335 EUR чейин - 0,3 EUR, 335 EUR жогору - которуу суммасынын 0,15%.
RUB: 30 000 RUB-30 RUB чейин, 30 000 RUB-дан жогору - которуунун суммасынын 0,15%.
Жөнөтүү алдында жөнөтүүчү комиссиянын суммасын тиркемеден көрөт.
Акчаны нак алуу Банктын тарифтерине ылайык.
Кошумча мүмкүнчүлүктөр
Эгерде алуучуда «Компаньон» тиркемеси жок болсо
Жөнөтүүчү «Компаньон» тиркемесинен которууну жөнөтө алат, ал эми алуучу Банктын каалаган кеңсесинде толук аты-жөнүн жана менен жөнөтүүчүдөн алынган жашыруун кодду көрсөтүп аны ала алат.
Эгерде жөнөтүүчүдө«Компаньон» тиркемеси жок болсо
Жөнөтүүчү акчаны Банктын кассаларында өзүнүн аты-жөнү боюнча которо алат. Ал эми алуучу жөнөтүүчүнүн жашыруун кодун колдонуу менен үйдөн чыкпастан эле которууну өзүнүн эсебине чегере алат.
Толук маалыматты Кардарларды колдоо кызматынан 88 00 (уюлдук телефондон чалуулар акысыз) же Банктын кеңселеринен алса болот.