kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Акча которуулар
  • СБП

СБП

Ыкчам төлөмдөр системасы

Ыкчам төлөмдөр системасы (СБП) – бул жеке жактарга телефон номери боюнча каалаган банкка ыкчам которууларды аткарууга мүмкүндүк берген Россия Банкынын кызматы.

  • СБП Россиянын каалаган банкынан которууга мүмкүндүк берет.
  • Хайс Банк, ВТБ, Альфа Банк, Банк Синарада жеткиликтүү
  • Коопсуз, картаңыздын номерин эч кимге айтуунун кереги жок. Которуу жөнүндө маалыматтардын коопсуздугу корголот.

Бир жолку төлөмдүн лимити жана комиссиясы*:

  • Бир жолку төлөмдүн минималдуу суммасы: 1 сом.
  • Бир жолку төлөмдүн максималдуу суммасы: 100 000 сом.

*Лимиттер жана комиссия катышуучу банктын (жөнөтүүчүнүн) тарифтерине ылайык белгиленет.

Төлөм картасын толуктоо кызматы күнү-түнү көрсөтүлөт.


СБП аркылуу телефон номери боюнча Россиядан Компаньон Банкынын карталарына которуулар боюнча нускама:

1-кадам. Кардар СБП системасынын катышуучусунун мобилдик тиркемесине кирип, авторизацияланышы керек. Хайс банк, ВТБ, Альфа банк, Синара Банкында жеткиликтүү. Тизме мындан ары да кеңейет.

2-кадам.* Алуучунун телефон номерин киргизип же аны байланыштар тизмесинен тандоо зарыл.

3-кадам. Андан ары Компаньон Банкты тандоо керек.

4-кадам. Которуу суммасын киргизип, алуучунун реквизиттерин текшерип, төлөмдү ырастаңыз.

*Ар бир жөнөтүүчүнүн банкында маалыматтарды толтуруу кадамдары ар кандай болушу мүмкүн.


Төлөмдү жокко чыгаруу

Телефон номери аркылуу которууну кайра кайтаруу болбойт. Акча бир нече секунданын ичинде алуучуга чегерилет, ошондуктан төлөмдү жөнөтүүдөн мурун алуучунун телефон номерин жана аты-жөнүн, ошондой эле которуунун суммасын кылдат текшерип алуу маанилүү. Эгерде сиз туура эмес сумманы же туура эмес номерге жөнөткөн болсоңуз, анда сиз акчаны алуучунун жана анын банкынын макулдугу менен гана кайтара аласыз. Бул учурда, сиз банкыңызга кайрылып, мындай жагдайларда жол-жобосун такташыңыз керек болот.

mobile

Сиздин Компаньон.

Сиздин мобилдик банк.

Бардык банктык кызматтар бир тиркемеде!

button-textbutton-text