kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Акча которуулар
  • Золотая Корона

Золотая Корона

Ыкчам эл аралык акча которуулар

«Золотая Корона» — бул эсеп ачпастан акча которуу кызматы. Россиядан, Түркиядан жана ЕБ өлкөлөрүнөн эл аралык которууларды алыңыз жана 70тен ашык өлкөгө тез, коопсуз жана ыңгайлуу шартта чет өлкөгө жөнөтүңүз. Которуу жөнөтүлгөндөн кийин бир нече мүнөттө эсепке түшөт.

Кыргызстанга «Золотая Корона» которууларын Компаньон Банкынын Visa жана Элкарт карталарына тез арада алыңыз!

Кыргызстанда которууну кантип алса болот?

Которууну төмөнкү жолдор менен алууга болот: 

  •    Банкка келбестен, Компаньон Банкынын Visa жана Элкарт карталарына Korona тиркемеси аркылуу.
  •    же Компаньон Банкынын каалаган кеңсесинде (которууну накталай алуу үчүн которуунун номерин билүү керек жана паспортуңуз жаныңызда болушу зарыл).

Которууну кантип жөнөтсө болот?

Кыргызстандан акча которуу үчүн өлкөнү, шаарды, алуучунун аты-жөнүн билүү жана Компаньон Банкынын кеңселеринин бирине паспорт менен кайрылуу жетиштүү.

"Золотая Корона" төлөм системасынын жана "Золотая Корона" эл аралык которууларынын алкагында (акча каражаттарын которуу боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим) (Оферта) акча каражаттарын которуу боюнча кызматтарды банк инкорпорацияланган өлкөнүн улуттук мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтөт. Акча каражаттарын которуу боюнча оператор, "Золотая Корона" төлөм системасынын оператору – бул "Төлөм Борбору" РНКОсу (ЖЧК), каттоо номери 0012, 2012-жылдын 20-декабры, РФ ББнын 2014-жылы 14-апрелиндеги № 3166-К лицензиясы, Новосибирск ш., Киров көч., 86, ОГРН 1025400002968.

Золотая Корона акча которуулары жөнүндө кошумча маалыматты https://koronapay.com/ сайтынан алууга болот.

mobile

Сиздин Компаньон.

Сиздин мобилдик банк.

Бардык банктык кызматтар бир тиркемеде!

button-textbutton-text