kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Бош иш орундары
  • Жалал-Абад филиалынын директору

Компаньон Банкынын командасы издөөдө Жалал-Абад филиалынын директору

Биздин баалуулуктар

  • Жигердүүлүк.
  • Натыйжалуулук.
  • Клиенттерге багыт алуу.
  • Адалдык.

Биз сунуштайбыз

  • Конкуренттүү айлык акы.
  • Кесипкөй команда менен иштөө.
  • КР Эмгек кодекси боюнча ишке орноштуруу.
  • Эркин кийим коду.
  • Карьералык өсүү жана окуу.

Кызматтык милдеттери:​

  • Филиалдын жалпы ишмердүүлүгүн жетектөө, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын жана жакшы моралдык-психологиялык климат түзүү.

  • Кредиттик портфелдин сапатын жогорулатуу боюнча филиалдын ишин координациялоо жана көзөмөлдөө. Проблемалуу кредиттер менен ишти уюштуруу.

  • Кредиттөө жана операциялык иштер боюнча пландалган көрсөткүчтөрдү камсыз кылуу.

  • Банктын жетекчилиги тарабынан коюлган максаттарга жетүү жана филиалдын ишинин сапатына жоопкерчилик тартуу. Бул максаттарга жетүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү.

  • Филиалдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу конференцияларга, жыйындарга, семинарларга жана башка форумдарга катышуу.

  • Иш процесстерин өркүндөтүү жана жаңы ыкмаларды киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү.

  • Филиалдын ишин башкаруу жана кызматкерлердин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу.

  • Кызматкерлер тарабынан каржы жана кассалык тартиптин сакталышын камсыз кылуу.

Талапкерден эмнени күтөбүз:

  • Экономикалык же каржылык жогорку билимдин болушу.

  • Кредиттик уюмдарда кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы, жетекчилик кызматта кеминде 1 жылдык тажрыйба.

  • Банктын кредиттик ишмердүүлүгүн жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын нормативдик актыларын билүү.

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттер боюнча ченемдик актыларды билүү.

  • Менеджменттин, персоналды башкаруунун негизги ыкмаларын жана технологияларын билүү.

  • Стратегиялык пландаштыруу, алдын ала божомолдоо жана филиалдын ишин талдоо боюнча негизги ыкмаларды өздөштүрүү.

  • Карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо боюнча финансылык талдоо жүргүзүүнүн негиздерин билүү.

  • Финансылык-кредиттик уюмдардагы тобокелдиктерди башкаруу принциптерин түшүнүү.

  • Операциялык, финансылык жана кредиттик иштер боюнча документ жүгүртүүнү уюштуруу тажрыйбасы.

  • Жеке жана юридикалык жактарды кредиттөө, күрөө келишимдерин түзүү боюнча укуктук негиздерди билүү.

  • Башкаруунун жана ички көзөмөлдүн принциптерин түшүнүү.

  • Аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмү.

  • Кыргыз жана орус тилдерин билүү.

  • Компьютердик сабаттуулук.

Жалал-Абад филиалынын директору

  • филиалы

    Жалал-Абад филиалы

  • Регион

    Жалал-Абад

  • Жарыяланган күнү

    кулжа айы 11, 2025

Бөлүшү

Жумуш ордуна арыз калтыруу

ФИО *

Электрондук почтаңыз *

Телефон номериңиз *

Резюмеңизге шилтеме (HeadHunter, LinkedIn ж.б.)

app-form