- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Онлайн эл аралык акча которуулар боюнча продакт-менеджер
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Онлайн эл аралык акча которуулар боюнча продакт-менеджер
Биздин баалуулуктар
Жигердүүлүк.
Натыйжалуулук.
Клиенттерге багыт алуу.
Адалдык.
Биз сунуштайбыз
Конкуренттүү айлык акы.
Кесипкөй команда менен иштөө.
КР Эмгек кодекси боюнча ишке орноштуруу.
Эркин кийим коду.
Карьералык өсүү жана окуу.
Кызматтык милдеттери:
Эл аралык акча которуулар чөйрөсүндөгү санариптик продукттарды башкаруу;
Эл аралык өнөктөштөр (МСДП) менен интеграцияларды демилгелөө жана коштоо;
Мобилдик тиркемеде кардарлык сценарийлерди, конверсияларды жана метрикаларды анализдөө;
IT-командага тапшырмаларды коюу, тестирлөөгө жана релиздерге катышуу;
Өсүүгө багытталган акцияларды, программаларды жана башка демилгелерди ишке киргизүү;
Продуктту өнүктүрүү боюнча аналитиканы жана сунуштарды даярдоо.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
Банктын digital багытында, төлөмдөрдө же финтехте 1–2 жылдык иш тажрыйбасы (артыкчылык);
МСДП иштөө принциптерин, кардарлык UX-сценарийлерди жана AML/KYC талаптарын түшүнүү (артыкчылык);
Маалыматтар менен иштей билүү жана продукттук гипотезаларды түзө билүү;
Бизнес-талаптарды даярдоо жана иштеп чыгуучулар менен иштешүү жөндөмү;
Эң негизгиси — проактивдүүлүк, жоопкерчиликти өзүнө алуу даярдыгы жана тез үйрөнүү.
Артыкчылык болот:
МСДП менен интеграциялоо же digital-продукттарды ишке киргизүү тажрыйбасы;
Аналитикалык инструменттер менен иштөө;
Ишкердик кат алышуу үчүн англис тили.
Онлайн эл аралык акча которуулар боюнча продакт-менеджер
- филиалы
Башкы кеңсе
- Регион
Бишкек
- Жарыяланган күнү
бештин айы 16, 2025
Бөлүшү
