kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Бош иш орундары
  • Кредиттөө башкармалыгынын аймактык менеджери

Компаньон Банкынын командасы издөөдө Кредиттөө башкармалыгынын аймактык менеджери

Биздин баалуулуктар:

  • Чечкиндүүлүк.
  • Натыйжалуулук.
  • Кардарларга көңүл коюу.
  • Чынчылдык.

Биз сунуштайбыз:

  • Атаандаштыкка жарамдуу эмгек акы.
  • Кесипкөйлөрдүн командасында иштөө.
  • КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
  • Карьералык өсүү жана окуп-үйрөнүү.

Кызматтык милдеттери:

  • Башка бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүүгө катышуу.
  • Көзөмөлүндөгү филиалдар жана сактык кассалар боюнча кредиттик ишмердүүлүктү башкаруу.
  • Жогорку натыйжаларга жетишүү максатында көзөмөлдүк кылган филиалдардын кредит берүү ишин координациялоо, жетекчилик кылуу жана негизги чечимдерди кабыл алуу.
  • Банктын жалпы кредиттик көлөмү, кредиттик пайыздык чендердин деңгээли, күтүлүп жаткан киреше боюнча пландарды иштеп чыгууга катышуу.
  • Көзөмөлдөгү филиалдар үчүн кредиттик көрсөткүчтөрдү жана кросс-сатуу боюнча максаттуу пландарды коюуга катышуу.
  • Маркетинг планын иштеп чыгууга катышуу жана жалпысынан Банк боюнча кредиттик өнүмдөрдү илгерилетүү.
  • Ыйгарым укуктарынын чегинде кредиттик өтүнмөлөр боюнча чечимдерди кабыл алуу жана/же Банктын кредиттик комитеттеринин жыйналыштарына катышуу.
  • Көзөмөлдөгү аймактын кредиттик портфелинин сапатына мониторинг кылуу жана аны жакшыртуу боюнча чараларды жүргүзүү.
  • Көзөмөлүндөгү филиалдар боюнча Банктын бизнес-планында каралган кредиттик ишмердүүлүккө тиешелүү иш-чараларды координациялоо, ишке ашыруу жана көзөмөлдөө.
  • Банктын кызыкчылыктарына тиешелүү жана кредиттөөгө байланыштуу маселелер боюнча конференцияларга, жыйындарга, семинарларга жана башка форумдарга катышуу.
  • Банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кредиттик ишмердүүлүккө байланыштуу зарыл маалыматтарды жана консультацияларды берүү.
  • Кызматкерлерди кредиттик өнүмдөрдү ишке ашыруу, документтердин талаптарга шайкештиги боюнча консультациялоо, ошондой эле кредиттик өнүмдөр боюнча окутуу материалдарын иштеп чыгуу.

Талапкерден эмнени күтөбүз:

  • Билими: жогорку экономикалык.
  • Иш тажрыйбасы: Кредит берүү тармагында 3 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматта 1 жылдан кем эмес.
  • Кредит берүү эрежелерин, принциптерин, кредит берүү шарттарын, анын ичинде микрофинансылоону, ошондой эле КРУБдун талаптарын билүү.
  • Каржылык анализ жүргүзүүнүн принциптерин жана методдорун билүү.
  • Жеке жана юридикалык жактарды кредиттөө боюнча укуктук негиздерди билүү.
  • Банктын өнүмдөрүн иштеп чыгуу технологиясын жана баа түзүү ыкмаларын билүү.
  • Ченемдик-методикалык документтерди иштеп чыгуу боюнча көндүмдөрүнүн жана тажрыйбасынын болуусу, ошондой эле кредиттөө чөйрөсүндө окутуу тажрыйбасы.
  • Кредиттик өнүмдөрдү иштеп чыгуу жана кредиттик процесстерди автоматташтыруу боюнча тажрыйбасына артыкчылык берилет.
  • Аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүүнүн болушу.
  • Орус тилин билүү, кыргыз, англис тилдерин билгендерге артыкчылык берилет.
  •  Компьютердик сабаттуулук.
  • Мыкты коммуникация жөндөмүнө ээ.

Кредиттөө башкармалыгынын аймактык менеджери

  • филиалы

    Башкы кеңсе

  • Регион

    Бишкек

  • Жарыяланган күнү

    чын куран айы 4, 2025

Бөлүшү

Жумуш ордуна арыз калтыруу

ФИО *

Электрондук почтаңыз *

Телефон номериңиз *

Резюмеңизге шилтеме (HeadHunter, LinkedIn ж.б.)

app-form