- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Сактык кассанын жетекчиси
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Сактык кассанын жетекчиси
Биздин баалуулуктар
Жигердүүлүк.
Натыйжалуулук.
Клиенттерге багыт алуу.
Адалдык.
Биз сунуштайбыз
Конкуренттүү айлык акы.
Кесипкөй команда менен иштөө.
КР Эмгек кодекси боюнча ишке орноштуруу.
Эркин кийим коду.
Карьералык өсүү жана окуу.
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк.
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
- Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Татыктуу эмгек акы.
Кызматтык милдеттери:
- Сактык кассасынын эффективдүү ишин уюштуруу жана жалпы башкаруу.
- Сактык кассасынын кредиттик эмес кызматтар боюнча операциялык ишин натыйжалуу уюштурууга жоопкерчилик: депозиттер, эсептешүү жана кассалык тейлөө; акча которуулар, банк карталары ж.б.
- Кардарларды тейлөө боюнча бекитилген жол-жоболорго жана тейлөө стандарттарына ылайык Сактык кассасынын кызматкерлерин окутууну өткөрүү.
- Сатуулардын жалпы планынын негизинде филиалдын директору бекиткен сатуу планын аткаруу.
- Сактык кассасы менен байланышкан программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле Сактык кассасынын ишмердүүлүгү менен байланышкан маселелерди Башкармалыктын кароосуна сунуштоо.
- Банктын жетекчилиги тарабынан белгиленген финансылык көрсөткүчтөргө жана кредиттик портфелдин сапатына жоопкерчилик алуу.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
- Жогорку кесиптик экономикалык билим.
- Банк тармагында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы, анын ичинде жетекчилик кызматта кеминде 1 жыл.
- Накталай акча менен иштөө тажрыйбасы кеминде 1 жыл.
- Төлөм каражаттарынын аныктыгын айырмалай алуу жөндөмү, тиешелүү сертификаттардын болушу.
- Операциялык блоктун банктык операцияларын жүргүзүү жол-жоболору боюнча практикалык билимдер: эсептерди, депозиттерди, банк карталарын ачуу жана тейлөө, эсеп ачпастан акча которуулар, алмашуу операциялары, эсептешүү жана кассалык тейлөө.
- Депозиттер жана эсептешүү-кассалык тейлөө жүргүзүү тартиби боюнча ченемдик жана нускамалык документтерди билүүсү.
- Кыргыз Республикасынын банктардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдарын жана КРУБдун ченемдик акттарын билүүсү.
- Сактык кассасынын ишмердүүлүгү менен байланыштуу негизги бухгалтердик эсептердибилүү.
- Компьютерди ишенимдүү колдонуучунун деңгээлинде билүүсү, Microsoft Windows тиркемелерин (Word, Excel, Outlook Express, PowerPoint ж.б.) мыкты башкаруу, анын ичинде атайын бухгалтердик программаларды (банк иши) колдоно билүүсү.
- Орус тилинде эркин сүйлөп жана сабаттуу жаза билүүсү, кыргыз жана англис тилдерин билүү артыкчылык болуп саналат.
- Адамдар менен тил табыша алуу, стресске чыдамдуулук, командада иштей алуу.
Сактык кассанын жетекчиси
- филиалы
"Кызыл-Жар" № 053-15-87
- Регион
Жалал-Абад
- Жарыяланган күнү
баш оона айы 19, 2025
Бөлүшү