- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Кредиттик бөлүмдүн сектор башчысы
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Кредиттик бөлүмдүн сектор башчысы
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк.
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
- Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Татыктуу эмгек акы.
- Окутуп-үйрөтүү жана карьералык өсүш.
Кызматтык милдеттери:
- Сектордун ишмердүүлүгүн жалпы жетектөө, сектордун кызматкерлеринин эмгек тартибин сактоосун көзөмөлдөө.
- Сектор боюнча кредиттик пландын аткарылышын камсыз кылуу.
- Сектор кызматкерлерин кардарларды кредиттөө боюнча окутуу жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу.
- Сектордун ишмердүүлүгүнүн алкагында зарыл болгон көзөмөлдү жүргүзүү, анын ичинде максималдуу жыйынтыктарга жетишүү максатында жеринде көзөмөлдөө.
- Кардарларды тартуу (түз маркетингге, промо-акцияларга, презентацияларга жана башка иш-чараларга катышуу жана уюштуруу).
- Кардарларды кредиттик тейлөө, алардын кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоо жана кредиттик каражаттарды берүү боюнча иштерди жүргүзүү.
- Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кредиттик арыздар боюнча чечим кабыл алуу.
- Жаңы кредиттик продукттарды ишке киргизүүгө катышуу.
- Сектордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча жетекчиге үзгүлтүксүз отчет берүү.
- Учурдагы процесстерди өркүндөтүү жана жаңы ыкмаларды, иштөө методдорун киргизүү боюнча сунуштарды берүү.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
- Экономика/финансы тармагындагы жогорку билим.
- Кредиттик уюмдардагы эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
- Кредиттөөнүн эрежелерин, принциптерин жана кредит берүүнүн шарттарын билүүсү.
- Карыз алуучунун кредиттик жөндөмдүүлүгүнө финансылык талдоо жүргүзө билүүсү.
- Жеке жана юридикалык жактарга кредит берүүнүн жана күрөө операцияларын ишке ашыруунун укуктук негиздерин билүү.
- Аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүүнүн болушу.
- Адамдар менен тил табыша алуунун мыкты жөндөмдөрүнө ээ болусу.
- Кыргыз жана орус тилдерин билүүсү.
Кредиттик бөлүмдүн сектор башчысы
- филиалы
Борбордук филиал
- Регион
Бишкек
- Жарыяланган күнү
чын куран айы 23, 2025
Бөлүшү