- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Филиалынын директорунун иш боюнча орун басары
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Филиалынын директорунун иш боюнча орун басары
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк.
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
- Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Татыктуу эмгек акы.
- Окутуп-үйрөтүү жана карьералык өсүш.
Кызматтык милдеттери:
- Банктын филиалында кредиттик эмес операциялар боюнча кызматкерлердин эффективдүү иштөөсүн камсыз кылуу.
- Филиалдын операциялык бөлүмүндөгү кызматкерлерге техникалык колдоо көрсөтүү жана алардын ишин координациялоо.
- Филиалдын операциялык ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешени көбөйтүү максатында кызматкерлердин ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө.
- Банктын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана байланыш түзүү.
- Филиалдын операциялык процесстери жана учурдагы абалы боюнча талдоо жүргүзүү жана зарыл болгон учурда филиал директоруна (ДФ) жана Башкы кеңсенин тиешелүү бөлүмдөрүнө иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды берүү.
- Банктын артыкчылыктуу максаттарына ылайык филиалдын операциялык ишмердүүлүгүн кеңейтүү боюнча пландарды түзүүгө катышуу.
- Филиалдын пландарын ишке ашыруу, кардарлар базасын кеңейтүү, депозиттик базаны жана банктын каржылык көрсөткүчтөрүн өстүрүү үчүн зарыл болгон бардык иш-чараларды жүргүзүү.
- Кардарлардын пикирлерин жана муктаждыктарын аныктоо максатында мониторинг жана сурамжылоо жүргүзүү, кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу үчүн жаңы идеяларды ишке ашыруу.
- Филиалдын атаандаштык чөйрөсүн изилдөө, маалымат чогултуу жана талдоо, маркетинг иш-чараларын пландаштыруу жана банктын продуктыларын рынокко алып чыгуу жана илгерилетүүнү уюштуруу.
- АБСте (автоматташтырылган банк системасында) жеке жана юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин улуттук жана чет өлкө валюталарындагы мөөнөттүү жана талап боюнча депозиттерин ачуу жана жабуу боюнча операцияларды көзөмөлдөө жана верификациялоо.
- Кассалык түйүндөрдүн ишин көзөмөлдөө жана филиалдардын кассаларында күтүлбөгөн текшерүүлөрдү жүргүзүү.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
- Жогорку кесиптик билим (экономика, юриспруденция, финансы багыттарында).
- Операциялык ишмердүүлүк тармагында кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы. Башкаруучу кызматтарда 3 жылдык тажрыйба артыкчылык болуп эсептелет.
- Банктын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана НБКРдин ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөш боюнча ченемдик актыларды (ПФТД/ЛПД) билүү.
- Компьютерде иштөөнү билүү (Word, Excel, Outlook Express, PowerPoint жана башка программалар).
- Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө жана жазуу жөндөмү. Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.
- Максаттарды так коюп, артыкчылыктарды аныктоону билүү.
- Натыйжага багытталуу жана стандарттуу эмес чечимдерди табууга жөндөмдүүлүк.
- Аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүү, демилгелүүлүк.
- Кошумча убакытта иштөөгө жана иш сапарларга чыгууга даяр болуу.
Филиалынын директорунун иш боюнча орун басары
- филиалы
"Ош-Датка" филиалы
- Регион
Ош
- Жарыяланган күнү
теке айы 18, 2025
Бөлүшү