kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Бош иш орундары
  • Банк системаларын өнүктүрүү башкармалыгынын системалык талдоочусу

Компаньон Банкынын командасы издөөдө Банк системаларын өнүктүрүү башкармалыгынын системалык талдоочусу

Биздин баалуулуктар:

  • Чечкиндүүлүк.
  • Натыйжалуулук.
  • Кардарларга көңүл коюу.
  • Чынчылдык.

Биз эмнени сунуштайбыз:

  • Атаандаштыкка жарамдуу эмгек акы;
  • Кесипкөйлөрдүн командасында иштөө;
  • КР Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
  • Эркин дресс-код
  • Системалык талдоочулар командасы мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуудан тартып, CRM жана АБС сыяктуу негизги банктык системаларды оптималдаштырууга чейинки ар кандай долбоорлорго катышат. Ошондой эле, биз банктагы ар кандай түзүмдүк бөлүмдөр менен тыгыз кызматташып, санариптик сервистердин үзгүлтүксүз иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылабыз.

Кызматтык милдеттери:

  • Бизнес-пайдалануучулардан талаптарды топтоо, аларды документтештирүү жана тактоо.
  • Системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде бизнес-эрежелерди жана иштөө логикасын деталдуу баяндоо.
  • Концептуалдык жана логикалык маалымат моделдерин иштеп чыгуу, класстар диаграммасын жана колдонуу сценарийлерин түзүү. Тышкы өнөктөштөр менен интеграциялык өз ара аракеттешүү боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгуу.
  • Системанын жалпы архитектурасын иштеп чыгууга, технологиялар менен инструменттерди тандоого катышуу.
  • Иштеп чыгуучулар үчүн тапшырмаларды аныктоо, аткарылган иштерди көзөмөлдөө жана жаралган маселелерди чечүү.
  • Программалык камсыздоону тестирлөөгө катышуу, тесттик маалыматтарды даярдоо.
  • Колдонуучуларга жаңы системаларды ишке киргизүү жана пайдалануу процессинде көмөк көрсөтүү.

Талапкерге коюлган талаптар:

  • Экономика же IT тармагында жогорку билим.
  • Системалык талдоочу катары кеминде 1 жыл жана бизнес талдоочу катары кеминде 3 жыл иш тажрыйбасы.
  • Банк тармагында жана/же финтехте иштеген тажрыйбага артыкчылык берилет.
  • Программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жашоо циклин, BPMN жана UML нотацияларын билүү.
  • REST/SOAP/GraphQL протоколдорунун түшүнүү жана алар менен иштөө тажрыйбасы.
  • Кабарлар кезеги (мисалы, RabbitMQ, Kafka ж. б.) боюнча түшүнүк жана иштөө тажрыйбасы.
  • Маалымат базалары менен иштөө (SQL, реляциялык моделдер) боюнча практикалык көндүмдөр.
  • Татаал системаларды моделдештирүү жөндөмү.
  • Аналитикалык жана системалык ой жүгүртүү.
  • Командада жана өз алдынча иштей билүү.
  • Бизнес-процесстерди автоматташтыруу системалары (BPM) менен иштөө тажрыйбасы.
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.

Банк системаларын өнүктүрүү башкармалыгынын системалык талдоочусу

  • Багыт

    Маалымат технологиялары

  • филиалы

    Башкы кеңсе

  • Регион

    Бишкек

  • Жарыяланган күнү

    чын куран айы 4, 2025

Бөлүшү

Жумуш ордуна арыз калтыруу

ФИО *

Электрондук почтаңыз *

Телефон номериңиз *

Резюмеңизге шилтеме (HeadHunter, LinkedIn ж.б.)

app-form