kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Бош иш орундары
  • Ички аудит департаментинин IT-аудитору

Компаньон Банкынын командасы издөөдө Ички аудит департаментинин IT-аудитору

Биздин баалуулуктар

  • Жигердүүлүк.
  • Натыйжалуулук.
  • Клиенттерге багыт алуу.
  • Адалдык.

Биз сунуштайбыз

  • Конкуренттүү айлык акы.
  • Кесипкөй команда менен иштөө.
  • КР Эмгек кодекси боюнча ишке орноштуруу.
  • Эркин кийим коду.
  • Карьералык өсүү жана окуу.

Кызматтык милдеттери:

  • IT-аудиттин методологиясын, пландарын жана программаларын иштеп чыгуу;

  • IT-инфраструктуранын жана маалыматтык системалардын (ИС) абалын баалоо жана анализдөө;

  • Маалыматтык коопсуздук (ИБ) процесстерин, IT-коопсуздук архитектурасын баалоо, алсыз жактарды жана тобокелдиктерди анализдөө;

  • IT-чөйрөнү жана бизнес-процесстердеги контролдук процедураларды жакшыртуу боюнча бизнес-бөлүмдөргө консультация берүү;

  • Берилген сунуштардын аткарылышын мониторинг кылуу жана түзөтүүчү чаралардын жыйынтыгын баалоо;

  • Иш-пландарга ылайык жана Директорлор кеңешинин тапшырмасы же Банктын Башкармалыгынын суроо-талабы боюнча жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөргө жана атайын тапшырмаларга катышуу;

  • Банктын кызматкерлери менен маектерди өткөрүү жана натыйжалуу коммуникация жүргүзүү;

  • Банктын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетторду түзүү жана жазуу;

  • IT-аудиттеги жана эл аралык IT стандарттарындагы акыркы тенденцияларды көзөмөлдөө жана ички аудит процесстерин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Талапкерден эмнени күтөбүз:

  • Жогорку билим;

  • IT-аудит жүргүзүүнүн процесстери жана эл аралык стандарттары боюнча окуудан өткөндүгү;

  • CIA / CISA / CISSP / CGEIT / CRISC / CRMA сертификаттары олуттуу артыкчылык болуп саналат;

  • Ички аудитте жана/же банктык тармакта кеминде 3 жылдык жалпы иш тажрыйбасы;

  • IT ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын биринде IT процесстерин түшүнүү деңгээлинде адистешүү;

  • Аудитордук методикаларды, процедураларды жана ички аудиттин эл аралык кесиптик стандарттарын / МСА билүү;

  • Өз алдынча иштей билүү, демилгелүүлүк жана командада иштөө жөндөмү;

  • Англис, орус жана кыргыз тилдерин билүү;

  • Командировкаларга чыгууга даярдык.

Ички аудит департаментинин IT-аудитору

  • филиалы

    Башкы офис

  • Регион

    Бишкек

  • Жарыяланган күнү

    бештин айы 19, 2025

Бөлүшү

Жумуш ордуна арыз калтыруу

ФИО *

Электрондук почтаңыз *

Телефон номериңиз *

Резюмеңизге шилтеме (HeadHunter, LinkedIn ж.б.)

app-form