- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Кассалык операциялар боюнча адис
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Кассалык операциялар боюнча адис
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк.
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
- Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Татыктуу эмгек акы.
Кызматтык милдеттери:
- Банк тарабынан белгиленген курстарга ылайык накталай чет өлкө валютасы менен акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүү жана кардарлардын талабы боюнча сертификаттарды берүү.
- Эсеп ачпастан акча которууларды жөнөтүү жана төлөө.
- Кассага акча каражаттарын кабыл алуу, берүү, эсепке алуу жана сактоо боюнча операцияларды алардын сакталышын камсыз кылуучу эрежелерди милдеттүү түрдө сактоо менен жүргүзүү.
- Накталай акча каражаттарын жана кассанын баалуулуктарын эсепке алуу.
- Кассалык отчеттуулукту түзүүжана жүргүзүү.
- Берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу.
- Накталай акчанын төлөө жөндөмдүүлүгүн жана жүгүртүүгө жарамдуулугун аныктоо, улуттук жана чет өлкөлүк валютанын жараксыз,шектүү жана жасалма банкнотторун белгиленген тартипте жүгүртүүдөн алуу.
- Күндүн аягында АБСтеги эсепке алуу модулу менен накталай акчанын иш жүзүндө болушун салыштырып текшерүү.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
- Жогорку кесиптик экономикалык билим.
- Кассалык эсептешүүлөрдү тейлөө, акча которуулар, банктарда акча алмашуу операциялары жаатында 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Компьютерди ишенимдүү колдоно билүү, Microsoft Windows (Word, Excel, Outlook Express, PowerPoint ж.б.), анын ичинде бухгалтердик эсеп программаларын колдоно билүү мүмкүнчүлүгү;
- КРнын мыйзамдарын жана КРнын Улуттук банкынын банк ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акттарын,кредиттер, депозиттер жана кассалык эсептешүүлөрдү тейлөө боюнча операцияларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ченемдик жана нускамалык документтерди билүү;
- Кеңсе техникасы менен иштөө көндүмдөрү;
- Кыргыз жана орус тилдерин билүүсү.
Кассалык операциялар боюнча адис
- филиалы
Бишкек филиалы
- Регион
Бишкек
- Жарыяланган күнү
чын куран айы 23, 2025
Бөлүшү