- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Финансылык аналитик(МСБ сатууларын башкаруу)
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Финансылык аналитик(МСБ сатууларын башкаруу)
Биздин баалуулуктар
Жигердүүлүк.
Натыйжалуулук.
Клиенттерге багыт алуу.
Адалдык.
Биз сунуштайбыз
Конкуренттүү айлык акы.
Кесипкөй команда менен иштөө.
КР Эмгек кодекси боюнча ишке орноштуруу.
Эркин кийим коду.
Карьералык өсүү жана окуу.
Кызматтык милдеттери:
Экономикалык шарттарды болжолдоо, келечектеги кирешелерди жана чыгымдарды эсептөө ж.б. максаттар үчүн продукт боюнча финансылык маалыматтарды системалуу түрдө анализдөө;
Продукттун финансылык көрсөткүчтөрүн эсептөө жана анализдөө;
Продукт боюнча бизнес-планды, стратегиялык планды, перспективдүү жана учурдагы финансылык пландарды иштеп чыгууга катышуу;
Башкармалыктын айлык/чейректик/жарым жылдык жана башка отчетторун даярдоого көмөк көрсөтүү;
Башкармалыктын түздөн-түз жетекчисинин тапшырмасы боюнча башка милдеттерди аткаруу.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
Кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы;
Финансылык анализ жаатындагы билимдер;
Чоң көлөмдөгү маалыматтарды анализдөө, тенденцияларды аныктоо жана анализдин негизинде негизделген чечимдерди кабыл алуу жөндөмү;
Excel жана башка маалыматтарды анализдөө, чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө жана финансылык моделдөө жүргүзүү үчүн инструменттерди билүү.
Финансылык аналитик(МСБ сатууларын башкаруу)
- филиалы
Башкы офис
- Регион
Бишкек
- Жарыяланган күнү
бештин айы 19, 2025
Бөлүшү
