- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Мобилдик иштеп чыгуучу (Android)
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Мобилдик иштеп чыгуучу (Android)
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк.
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
- Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Татыктуу эмгек акы.
Кызматтык милдеттери:
- Тапшырмалар жана долбоорлор боюнча талаптарды кардар менен бирге талкуулоо жана документтештирүү;
- Техникалык талкууларга жана системаларды долбоорлоого катышуу;
- Маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоп туруу жана мониторинг жүргүзүү;
- Кардарларга жана пайдалануучуларга техникалык колдоо көрсөтүү;
- Командадагы кесиптештердин иштерин рецензиялоо;
- Менторлук жана билим бөлүшүү.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
- Коммерциялык программалык камсыздоону иштеп чыгууда кеминде 3 жылдык тажрыйба.
- Java жана Kotlin тилдерин мыкты деңгээлде билүү.
- REST API менен иштөө тажрыйбасы.
- Material Design Guidelines принциптерин түшүнүү.
- Жеке өнүгүүгө умтулуу жана жаңы технологияларды колдонуу.
- Жаратмандык мамиле жана позитивдүү маанай.
- Android SDK менен иштөө жөндөмү.
- Clean Architecture, MVVM, MVI, MVP архитектуралык паттерндерин түшүнүү жана колдонуу.
- Koin, Hilt, Dagger 2, Retrofit, OkHttp, Room сыяктуу китепканаларды колдонуу тажрыйбасы.
- Git, git flow жана код-ревью менен иштөө жөндөмү.
- ООП принциптерин, SOLID жана негизги долбоорлоо паттерндерин билүү.
- CI/CD системалары менен иштөө тажрыйбасы.
- Google Playде жарыяланган тиркемелериңиз менен мактана алсаңыз.
Мобилдик иштеп чыгуучу (Android)
- Багыт
Маалымат технологиялары
- филиалы
Башкы кеңсе
- Регион
Бишкек
- Жарыяланган күнү
чын куран айы 23, 2025
Бөлүшү