kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Бош иш орундары
  • Кредиттик инспектор

Компаньон Банкынын командасы издөөдө Кредиттик инспектор

Биздин баалуулуктар

  • Жигердүүлүк.
  • Натыйжалуулук.
  • Клиенттерге багыт алуу.
  • Адалдык.

Биз сунуштайбыз

  • Конкуренттүү айлык акы.
  • Кесипкөй команда менен иштөө.
  • КР Эмгек кодекси боюнча ишке орноштуруу.
  • Эркин кийим коду.
  • Карьералык өсүү жана окуу.

Кызматтык милдеттери:

  • Кардарлардын документтер топтомунун толуктугун, тууралыгын жана мөөнөтүн текшерүү жана алардын досьесун түзүү;

  • Банктын ички нормативдик актыларына жана бекитилген типтүү келишимдерге ылайык, насыя келишимдерин, алкактуу макулдашууларды жана насыя же насыянын ордуна берилүүчү каражаттар боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле насыя берүү үчүн талап кылынган күрөө жана башка келишимдерди тариздөө;

  • Насыя берүү үчүн даярдык иштерин жүргүзүү, анын ичинде нотариалдык күбөлөндүрүү, тыюу салууларды коюу жана күрөө келишимдерин каттоо;

  • Күрөө келишимдерин тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоо;

  • Реструктуризацияланган жана пролонгацияланган насыялар боюнча кошумча макулдашууларды жана төлөм графиктерин тариздөө;

  • Насыя берилгенден кийин күрөө документтеринин, насыя келишимдеринин жана күрөө келишимдеринин оригиналдарын банктын ички нормативдик актыларына ылайык филиалдын сактоочу жайына өткөрүп берүү;

  • Банктын ички нормативдик актыларына жана мониторинг жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөргө ылайык филиалдын насыя портфелине мониторинг жүргүзүү;

Талапкерден эмнени күтөбүз:

  • Жогорку экономикалык билим;

  • Компьютерди жакшы деңгээлде билүү, Microsoft Word, Excel, Outlook программалары менен иштей билүү;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка жөнгө салуучу органдардын насыялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын билүү;

  • Жогорку деңгээлдеги коммуникациялык жөндөмдөр;

  • Насыя берүү тармагында иш тажрыйбасы (болсо жакшы, бирок милдеттүү эмес);

  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Кредиттик инспектор

  • филиалы

    Балыкчы филиалы

  • Регион

    Ысык-Көл

  • Жарыяланган күнү

    чын куран айы 29, 2025

Бөлүшү

Жумуш ордуна арыз калтыруу

ФИО *

Электрондук почтаңыз *

Телефон номериңиз *

Резюмеңизге шилтеме (HeadHunter, LinkedIn ж.б.)

app-form