- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Кардарларды тейлөө боюнча башкы адис
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Кардарларды тейлөө боюнча башкы адис
Биздин баалуулуктар
Жигердүүлүк.
Натыйжалуулук.
Клиенттерге багыт алуу.
Адалдык.
Биз сунуштайбыз
Конкуренттүү айлык акы.
Кесипкөй команда менен иштөө.
КР Эмгек кодекси боюнча ишке орноштуруу.
Эркин кийим коду.
Карьералык өсүү жана окуу.
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк.
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
- Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Татыктуу эмгек акы.
Кызматтык милдеттери:
- Улуттук жана чет өлкөлүк валютада жеке, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердиндепозиттерин ачуу жана тейлөө.
- Жеке, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш эсептерин жана талап кылынганга чейинки депозиттерди ачуу жана жабуу.
- Эсеп ачпастан акча которууларды жөнөтүү жана төлөө.
- Кассага акча каражаттарын кабыл алуу, берүү, эсепке алуу жана сактоо боюнча операцияларды алардын сакталышын камсыз кылуучу эрежелерди милдеттүү түрдө сактоо менен жүргүзүү.
- Накталай акча каражаттарын жана кассанын баалуулуктарын эсепке алуу.
- Кассалык отчеттуулукту түзүү жана жүргүзүү.
- Берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу.
- Эсеп ачуу, банктык карталарды чыгаруу жана тейлөө.
- Кардарларга досье түзүү жана сактоо, бардык банктык өнүмдөр боюнча кардарларга консультация берүү.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
- Жогорку кесиптик (экономикалык) билим.
- Эсептик-кассалык тейлөө, акча которуулар, банктарда акча алмашуу операциялары жаатында 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
- Компьютерди ишенимдүү колдоно билүү, Microsoft Windows (Word, Excel, Outlook Express, PowerPoint ж.б.), анын ичинде бухгалтердик эсеп программаларын колдоно билүү мүмкүнчүлүгү.
- КРнын мыйзамдарын жана КРнын Улуттук банкынын банк ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акттарын,кредиттер, депозиттер жана эсептешүү-кассалык тейлөөлөр боюнча операцияларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ченемдик жана нускамалык документтерди билүү.
- Кеңсе техникасы менен иштөө көндүмдөрү.
- Кыргыз жана орус тилдерин билүүсү.
Кардарларды тейлөө боюнча башкы адис
- филиалы
Бишкек филиалы
- Регион
Бишкек
- Жарыяланган күнү
баш оона айы 18, 2025
Бөлүшү