kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Бош иш орундары
  • Кассир менеджери

Компаньон Банкынын командасы издөөдө Кассир менеджери

Биздин баалуулуктар:

Чечкиндүүлүк.

  • Натыйжалуулук.
  • Кардарларга көңүл коюу.
  • Чынчылдык.

Биз эмнени сунуштайбыз:

  • КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
  • Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
  • Татыктуу эмгек акы.
  • Окутуп-үйрөтүү жана карьералык өсүш.

Кызматтык милдеттери:​

  • Филиалдын кассасынын жана Сактык кассаларынын ишин уюштуруу жана жетектөө;

  • Филиалдын жана Сактык кассаларынын кассаларын өз убагында накталай акча каражаттары менен камсыздоо;

  • Кардарларды тейлөө үчүн филиалдын кассирлерине накталай акча берүү жана аны Банктын автоматташтырылган банк системасына (АБС) чегерүү;

  • Накталай чет элдик валюталар менен алмашуу операцияларын көзөмөлдөө жана жүргүзүү;

  • Накталай акча каражаттарынын төлөө жөндөмдүүлүгүн жана жүгүртүүгө жарактуулугун аныктоо, жараксыз, шектүү жана жасалма акча белгилерин белгиленген тартипте жүгүртүүдөн алуу;

  • Инкассация тартибин сактоо жана Сактык кассаларын, филиалдарды, Банктын корреспонденттик эсебин (НБКРдеги) камсыздоо үчүн нак акчаны жана башка баалуу нерселерди даярдоо;

  • Операциялык күндүн аягында кассадагы нак акча жана баалуулуктардын чыныгы калдыгын текшерүү жана салыштыруу;

  • Филиалдын акча сактагычын Банктын процедураларына ылайык ачуу жана жабуу;

  • Кардарларга чек китепчелерин берүү;

  • Филиалдын бардык кассалары боюнча нак акчанын калдыктары боюнча белгиленген лимиттердин сакталышын көзөмөлдөө;

  • Банк АБС аркылуу эл аралык акча которуу системалары боюнча төлөмдөрдү/жөнөтүүлөрдү тастыктоо;

Талапкерден эмнени күтөбүз:

  • Билими – жогорку;

  • Эмгек тажрыйбасы – каржы-кредит мекемелеринде кеминде үч жыл, анын ичинде кассалык операциялар бөлүмүндө кеминде бир жыл;

  • Улуттук жана чет өлкө валюталарынын купюраларындагы негизги коргоо элементтерин билүү;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана НБКРдин нак акча жүгүртүү жана банктагы кассалык операциялар боюнча нормативдик укуктук актыларын билүү;

  • Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (акчаны адалдоо) аракеттерине каршы күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана НБКРдин талаптарын билүү;

  • Компьютерде, тиешелүү АБС, кассалык жабдуулар жана ишке зарыл болгон башка кеңсе техникасы менен иштөө жөндөмдөрү;

  • Орус жана кыргыз тилдеринде оозеки жана жазуу түрүндө эркин сүйлөө жана жазуу жөндөмү.

Кассир менеджери

  • филиалы

    Бишкек-Юг филиалы

  • Регион

    Бишкек

  • Жарыяланган күнү

    баш оона айы 1, 2025

Бөлүшү

Жумуш ордуна арыз калтыруу

ФИО *

Электрондук почтаңыз *

Телефон номериңиз *

Резюмеңизге шилтеме (HeadHunter, LinkedIn ж.б.)

app-form