- Жеке кардаарлар учун
- Туруктуу өнүгүү
Туруктуу өнүгүү
Компаньон Банкы бул финансылык кызматтарды гана көрсөтүү эмес.
Биз айлана-чөйрөнү коргоону, коомдук жоопкерчиликти жана айкындыкты бириктирип, кардарларыбыз, кызматкерлерибиз жана жалпысынан коом үчүн туруктуу пайдубал түзөбүз. Биз туруктуу өсүштү жана өнүгүүнү колдоо үчүн ESG (экологиялык, социалдык жана башкаруу) принциптерин бардык бизнес процесстерибизге интеграциялайбыз.

E
E - environmental
Экологиялык туруктуулук маселелерин камтыйт
S
S - social
Адамдарга жана коомчулукка багытталган
G
G - Governance
Ачык-айкындуулук жана жакшы башкаруу менен байланышкан
Биздин жетишкендиктер
Биз түптөлгөндөн бери социалдык жана экологиялык миссияны аткарууга, кардарларыбыздын бакубаттуулугун жогорулатууга жана Кыргызстандын экономикалык туруктуулугун бекемдөөгө умтулуп келебиз.
Биздин акционерлер социалдык инвестиция жана туруктуу өнүгүү жаатында көп жылдык тажрыйбасы бар эл аралык уюмдар.
GABV мүчөлөрү
Биз туруктуу өнүгүүгө болгон умтулуубузду ырастоодо, Global Alliance for Banking on Values альянсынын бир бөлүгүбүз
Туруктуулукка инвестициялоо
Биз кардарларга жана өнөктөштөргө туруктуу максаттарына жетүүгө жардам берген ылайыкташтырылган финансылык продуктыларды сунуштайбыз
Агрономдору жана ветеринарлары бар жалгыз банк
Биздин команда кардарларга ийгиликтүү айыл чарба бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет
Билим берүү программалары
Жыл сайын биздин социалдык демилгелердин алкагында 4000ден ашык адам акысыз билим алышат
Банк жана Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ)
Компаньон Банкы БУУ тарабынан аныкталган глобалдык Туруктуу Өнүгүү Максаттарын (ТӨМ) колдойт. Биз өз ишмердүүлүгүбүз менен тыгыз байланышкан төрт негизги максатка умтулабыз:
Биз финансылык сабаттуулук жана бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча билим берүү программаларын уюштуруп, жыл сайын 4000ден ашык адамды, анын ичинде ишкерлерди жана аялуу топторду камтыйт

Аялдардын ишкердигин колдойбуз. Клиенттерибиздин 56% жана кызматкерлерибиздин 60% аялдар. Биз тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылабыз.

Банк жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшөт, ишкерлерди жана кичи бизнести насыялоо аркылуу колдойт, ошондой эле кызматкерлер үчүн эмгек шарттарын үзгүлтүксүз жакшыртат

Туруктуу инфраструктурага жана агробизнеске инвестиция салып, кардарларды агенттер, агрономдор, ветеринарлар аркылуу колдоп, кызматтарды мобилдик тиркеме аркылуу санариптештиребиз.

Биздин корпоративдик-социалдык долбоорлорубуз жергиликтүү коомдорду колдоого багытталган

Биз кайрымдуулук жана социалдык маанилүү долбоорлорду колдойбуз

Биз туруктуу демилгелер үчүн фонддор жана эл аралык уюмдар менен кызматташабыз

Биз кайрымдуулук жана социалдык маанилүү долбоорлорду колдойбуз

Биз туруктуу демилгелер үчүн фонддор жана эл аралык уюмдар менен кызматташабыз

Жаңылыктар
теке айы 31, 2025
Пайдалуу практика: Кара-Дыйкан айылында Банк Компаньондун тренинги өттү
Пайдалуу практика: Кара-Дыйкан айылында малдын тирүү салмагын аныктоо боюнча Банк Компаньондун тренинги өттү
Кыргызстанда мал багуу жана асыл тукум мал чарбачылыгы айыл тургундары үчүн негизги киреше булактарынын бири болуп саналат. Айрыкча аймактарда, мал чарбачылыгы жөн гана жашоо образы эмес, үй-бүлөнүн экономикалык туруктуулугунун негизи болуп калган. Ушул себептен улам, Компаньон Банкы өлкө боюнча фермерлер үчүн агартуу багытындагы практикалык тренингдерди өткөрүүнү улантууда. Мындай иш-чаралардын бири Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында уюштурулду.
Айылда таң эрте башталат — дале караңгыда. Саат 6:00дө, жергиликтүү тургундар өз уйларын жайлоого айдап чыгышат. Ар кимдин өзүнүн ири малы бар, бирок баары «бада» деп аталган бириккен үйүр менен, бир чабандын көзөмөлүндө алып чыгылат. Булардын арасында — мигранттардын үй-бүлөлөрү, өз колундагы чарбасын өнүктүрүүгө кызыкдар жана малдын продуктивдүүлүгүн жогорулатууга умтулган жарандар. Компаньон Банкынын аймактык менеджерлери алар үчүн атайын окуу тобун түзүп, тирүү салмакты аныктоо боюнча практикалык тренинг өткөрүштү.
Катышуучулар эмнелерди билип алышты?
- Таразысыз эле уйдун тирүү салмагын кантип аныктоого болот;
- Жайытка чыгуу жана тоют сапаты малдын салмагына кандай таасир этет;
- Эмне үчүн туура тамактандыруу малдын ден соолугу менен сүттүүлүгүнө түз таасир берет.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Тирүү салмакты түшүнүү төмөнкү максаттарга жардам берет:
Малдын реалдуу продуктивдүүлүгүн баалоо;
Тоютту тууралап, азыктанууга байланышкан маселелерди аныктоо;
Жоопкерчилик менен жана туура баада сатуу;
Үй шартында эсеп жүргүзүп, чарбаны өнүктүрүүнү пландаштыруу.
Биздин миссия — каржылык өнөктөш болуу менен бирге, билим берүү жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө реалдуу колдоо көрсөтүү. Мигранттардын үй-бүлөлөрүн, малчыларды жана фермерлерди заманбап ыкмалар менен тааныштыруу жана билим берүү аркылуу колдоо — бул биздин аймактык туруктуу өнүгүү программаларыбыздын өзөгү.
Эгер сиз да ушундай тренингдерге катышкыңыз келсе, жакынкы Компаньон Банк кеңсесине же аймактык менеджерлерге кайрылыңыз.
теке айы 25, 2025
БЕШ-ТЕРЕК АЙЫЛЫНДАГЫ МИГРАНТ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРҮ ҮЧҮН КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК ЖАНА ЭКО БАГЧАНДЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГ
Компаньон Банкынын командасы Беш-Терек айылында мигрант үй-бүлөлөр үчүн финансы сабаттуулугу жана экосад темасында тренинг өткөрдү
Компаньон Банкынын командасы Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек айылында (Төрт-Гүл айыл өкмөтү) мигрант үй-бүлөлөр үчүн атайын окутуу тренингин уюштурду. Окутуу программасы эки негизги теманы камтыды: «Финансылык сабаттуулук» жана «Эко-бакча».
Тренингге өзүнүн үй-бүлөлүк каржыларын туура башкарууну жана туруктуу үй чарбасын жүргүзүүнү каалаган мигрант үй-бүлөлөр катышты.
Тренингдин максаты:
Бул иш-чаранын негизги максаты — катышуучуларга төмөнкүдөй пайдалуу көндүмдөрдү берүү болду:
үй-бүлөлүк бюджети кантип түзүлөрүн жана пландалаарын түшүнүү;
киреше жана чыгашаларды башкаруу ыкмаларын үйрөнүү;
бакча жана огород ишмердүүлүгүн экологиялык ыкма менен жүргүзүү жолдорун билүү.
Тренингдин программасы теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтыды. Айрыкча экологиялык бакча (эко-бакча) түзүү тууралуу бөлүк катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты. Ал бөлүмдө жемиш-жашылчаларды химикаттарды колдонбой, табигый жолдор менен өстүрүү, ошол эле учурда топурактын түшүмдүүлүгүн сактоо темалары кеңири талкууланды.
Уюштуруучулардын комментарийи:
«Биз үчүн финансы кызматтарын көрсөтүүдөн тышкары, айыл жергесиндеги үй-бүлөлөргө билим берип, аларга туруктуулукту жогорулатууга көмөктөшүү абдан маанилүү. Финансылык сабаттуулук жана экологияга болгон мамиле — бул келечекке болгон ишенимдин негизи», — деп белгилешти Компаньон Банкынын өкүлдөрү.
Социалдык демилге:
Компаньон Банкынын билим берүү демилгелери — бул региондорду туруктуу өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү ыкманын бир бөлүгү. Мындай тренингдер жергиликтүү жамааттарды бекемдөөгө, элдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана үй-бүлөсүнүн келечеги үчүн аракет кылып жаткан жарандарды колдоого багытталган. Бул — Кыргызстандын ичинде да, сыртында да маанилүү кадам.
теке айы 8, 2025
Каржы коопсуздугу жана алма бактар: Согунду айылында эмне тууралуу сүйлөштүк
Каржы коопсуздугу жана алма бактар: Согунду айылында эмне тууралуу сүйлөштүк
Компаньон Банкынын командасы пайдалуу сапар менен Алай районунун Согунду айылына барып келди. Бул жерде, Буниса Арзиева атындагы №11 бала бакчада жергиликтүү тургундар үчүн тренинг өткөрдүк.
Согунду айылы тоолор жана ийне жалбырактуу бактар менен курчалып, Гүлчө айылынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. 1980-жылдары курулган бала бакча күн сайын 50–55 баланы тосуп алат. Бул жерде 12 кызматкер эмгектенет, алар балдарды тарбиялап эле тим болбостон, өздөрү жашаган жана эмгектенген жерине кам көрүп келишет. Тренинг өткөрүлгөн күнү жамаат өз колу менен аянтчаны оңдоп-түзөп жатты.
Адатыбызча, биз тренинг гана эмес, жашоону жана иштөөнү жеңилдеткен, пайдалуу билимдер менен бөлүшүү максаты менен бардык.
Алма бак жыл сайын жемиш берүү үчүн эмне кылуу керек?
Тренингдин бир бөлүгү агрардык жана ветеринардык темага арналды. Биз алма бактарды туура түрдө суюлтуп бутоо жана эмне үчүн бул, өзгөчө июнь айында, маанилүү экенин айтып жана көрсөтүп бердик. Айыл тургундары төмөнкү суроолорду беришти:
– Эмне үчүн алма бак 6–7 жылдан бери бар болсо да, жемиш бербей жатат?
– Эмне үчүн гүлдөрү көп, бирок түшүм аз болуп жатат?
Биз ар бир катышуучу бул билимди өз багында колдонуп, туруктуу түшүм алууга шарт түзө турган практикалык кеңештерди бердик.
Ошондой эле мал чарбачылыгы боюнча да пайдалуу кеңештерди талкууладык: дөөт уйду тандоодо көңүл буруш керек болгон жөнөкөй, бирок маанилүү көрсөткүчтөр тууралуу сөз болду.
Агент – айылдагы чакан банк
Менеджерлер Компаньон Банкынын агенттери аркылуу айылдын ичинде алып кете ала турган кызматтар тууралуу айтып беришти: накталай акча алуу, депозит ачуу, онлайн-кредит алуу. Көпчүлүк тургундар үчүн бул айылдын ичинде туруп эле өз акча каражаттарын башкарууга мүмкүнчүлүк берүүчү ыңгайлуу жол экенин билип, кызыгуу менен кабыл алышты.
Эмне үчүн биз муну кылабыз?
Компаньон Банкы үчүн мындай тренингдер билим гана эмес, ишенимди жана биргелешип өнүгүүнү түзүү жолу. Биз үчүн айыл тургундары үчүн маалыматтарга, инструменттерге жана мүмкүнчүлүктөргө жетүү жеткиликтүү болушу канчалык маанилүү экенин көрүү маанилүү.
Биз бирге үйрөнүп, бирге өсүп, ар бир бала, ар бир үй-бүлө жана ар бир ишкер өз тамырларын жана салттарын сактоо менен өнүгө ала турган келечек үчүн мейкиндик түзүп жатабыз.
Бирге үйрөнүп, бирге өнүгөбүз
Компаньон Банкынын кызматкерлери үчүн мындай сапарлар жөн гана тренинг эмес. Бул адамдарды угуп, алардын муктаждыктарын түшүнүп, жеткиликтүү жана жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүү мүмкүнчүлүгү. Бул бири-бирибизден үйрөнүп, өнүгүү үчүн биргелешипаракет кылуу мүмкүнчүлүгү – балдар ойногон, бактар гүлдөгөн, жашоо бир аз жеңил жана коопсуз болушу маанилүү болгон жерде.
Биз ишенебиз: каржылык сабаттуулук жана кызматтарга жеткиликтүүлүк айылдар жана райондордун өнүгүшүнүн негизи болуп саналат, жана биз бул процесстин бир бөлүгү болуп жатканыбызга кубанычтабыз.
кулжа айы 27, 2025
БИЗ ЖАШАГАН ШААР ҮЧҮН. КОМПАНЬОН БАНКЫ
Биз жашаган шаар үчүн. Компаньон Банкы.
Шаар тазалыгы жөнөкөй нерселерден башталат — үйдүн жанындагы жеткиликтүү таштандылар үчүн контейнерден, таза короодон, коңшуларга жана жалпы мейкиндикке болгон урматтан. Миллиондук калаа үчүн бул өзгөчө маанилүү.
Компаньон Банк тарабынан көтөрүлгөн демилге жана муниципалдык «Тазалык» ишканасы менен өнөктөштүктө Бишкек шаарына таштандылар үчүн биринчи контейнерлер тапшырылган корпоративдик социалдык жоопкерчилик долбоору башталды.
Контейнерлерди мындан аркы бөлүштүрүү шаар мэриясы менен биргеликте — алардын тургундарга керек болгон жерлерине — жүргүзүлүүдө.
Бул долбоор — биз жашаган шаарга жана жардамга муктаж адамдарга болгон урмат жөнүндө.
«Биз үчүн каржылык колдоодон сырткары дагы жанында болуу маанилүү. Пайдалуу болуу — бул айлана-чөйрөгө кам көрүү жана күнүмдүк жашоону татыктуу кылган жөнөкөй чечимдер жөнүндө. Биз Бишкекти ар бир адам үчүн ыңгайлуу шаар катары көрөбүз», — деп белгилейт Компаньон Банктагы туруктуу өнүгүү бөлүмү.
Иш-чара Компаньон Банктын кеңири программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Программа экологияны, туруктуу өнүгүүнү жана борбордо жана аймактарда даректүү колдоону камтыйт.
Биз ишенебиз: кичинекей кадамдар чоң өзгөрүүлөргө алып келет — айрыкча аларды чогуу аткарсак.
кулжа айы 13, 2025
«Эко Заряд» экологиялык акциясы: Бишкектеги алдыңкы үч уюмдун катарында Компаньон Банкы
- экологиялык издерди азайтуу;
- жашоого туруктуу адаттарды жайылтуу;
- мамлекеттик жана коомдук өнөктөштөр менен кызматташуу.
кулжа айы 13, 2025
Компаньон Банкынан балалыкка болгон жашыл салым
Компаньон Банкынын Караколдогу филиалы Ысык-Көл облусунун айылдарындагы мектепке чейинки мекемелердин айланасын жашылдандыруу боюнча ири экологиялык жана социалдык долбоорду ишке ашырды. Бул демилге балдардын ден соолугун чыңдоого, багбанчылык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана жергиликтүү коомчулуктар менен байланышты бекемдөөгө багытталган.
Карагат жана өрүк — келечекке болгон салым
Долбоордун алкагында Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорундагы бала бакчалар жалпы:
400 карагат көчөтүн,
384 мөмөлүү дарактын көчөтүн алышты.
Бул өсүмдүктөр мектепке чейинки мекемелердин аймагын көрктөндүрүп эле тим болбостон, балдардын тамак-ашында витаминдердин булагына айланат — варенье, компот жана жаңы мөмө түрүндө.
«Биз бул демилгеге катышканыбызга кубанычтабыз. Балдар бак-дарактар кантип өсүп жатканын кызыгуу менен карап, багууга жардам беришет. Биз ишенебиз — жакын арада өзүбүздүн экологиялык жемиш багыбыз болот», — деп бөлүштү Дархан айылындагы бала бакчанын өкүлү.
Натыйжалуу өнөктөштүк
Долбоор Компаньон Банкынын Каракол филиалы тарабынан, жергиликтүү питомниктердин жана өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен ишке ашырылды. Филиал көчөттөрдү жеткирүү жана логистика чыгымдарын өзүнө алды. Өсүмдүктөргө кам көрүү боюнча окутуу бизнес-өнүктүрүү адистеринин катышуусунда өткөрүлдү.
«Биз жөн гана көчөт отургузбастан, бул өсүмдүктөр кошумча киреше алып келиши мүмкүн деген билимди да бердик», — деди Компаньон Банкынын бизнес-тренери Омурбек Чыныбаев.
ESG — теория эмес, тажрыйба
Бул демилге Компаньон Банкынын ESG принциптерине — экологияны коргоо, социалдык жоопкерчилик жана жергиликтүү коомдордун өнүгүшүнө катышуу боюнча фокусунун бир бөлүгү болуп саналат.
«Биз ишенебиз: балдар жана алардын чөйрөсү менен иштөө — бул ден соолугу чың жана жоопкерчиликтүү келечекке болгон салым. Бул долбоор — банк аймактардагы экологиялык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү боло аларын көрсөтөт», — деп белгилешти Каракол филиалынын кызматкерлери.
Маалымат үчүн:
Компаньон Банкы КСО долбоорлорун өлкө боюнча туруктуу негизде ишке ашырып келет — спорт мектептерин колдоодон тартып, медициналык мекемелерди санариптештирүүгө чейин. Ысык-Көлдөгү мектепке чейинки мекемелерди жашылдандыруу — аймактык туруктуу өнүгүүгө багытталган кезектеги кадам.
кулжа айы 12, 2025
Дарактар тамыр жайганда — мамиле да бекемделет