kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Туруктуу өнүгүү
  • Туруктуулукка инвестициялоо

Банктын ESG портфели

Биз өзүнүн ESG-портфелин активдүү өнүктүрүп жатабыз жана төмөнкү кызматтарды көрсөтөбүз:

• Айлана-чөйрөгө маанилүү долбоорлорду колдоо үчүн жашыл кредиттер
• Энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана чыгымдарды азайтуучу чечимдерди каржылоо үчүн энергоэффективдүү кредиттер
• Өлкөнүн алыскы аймактарында кардарлар үчүн каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында агенттик тармак аркылуу берилген кредиттер

Биздин ESG-продукттар кардарлардын муктаждыктарын жана глобалдык чакырыктарды эске алуу менен иштелип чыккан
calendar

​Туруктуу өнүгүү максаттарына:
200 000 000 сомго чейин

kgs

Кредит алган кардарлар:
1 300 кардар

Компаньон Банкы өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү приоритеттерине ылайык жүргүзөт:

• Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы
• Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы
• Климаттын өзгөрүшүнө адаптация боюнча улуттук стратегия
• Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясы — улуттук классификатор

Банк ишинин алкагында:

• Энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду, туруктуу айыл чарбасын жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну колдогон финансылык продукттарды сунуштайт
• Климаттык өзгөрүүлөргө экономиканын туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду каржылайт
• Аялдарга, айылдык ишкерлерге жана социалдык жактан аялуу топторго каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

Улуттук жана эл аралык демилгелер: Компаньон Банкы – туруктуу чечимдердин активдүү катышуучусу

Биз Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын колдоп, экология, туруктуу өсүү жана климаттык жоопкерчилик жаатындагы улуттук жана эл аралык программаларды ишке ашырууга өз салымыбызды кошобуз.

Биз колдогон негизги улуттук демилгелер:

 Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар (УДАС)

Биздин жашыл финансылык продукттар жана энергоэффективдүү кредиттер Кыргызстан Республикасынын Париж келишими боюнча парник газдарынын чыгарын кыскартуу боюнча милдеттемелерин аткарууга көмөк көрсөтөт.

2040-жылга чейинки улуттук өнүгүү стратегиясы

Банк региондордо жеткиликтүү каржылоо, чакан жана орто бизнести колдоо, санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана инклюзия аркылуу өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн колдойт.

2025–2028-жылдарга карата жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы

Биз 2019–2023-жылдардагы жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын колдоп, үй-бүлөлөр менен ишканалар үчүн экологиялык жактан таза жана туруктуу өнүгүү моделине өтүүгө жардам берген механизмдерди жана продукттарды ишке ашырууну улантабыз.

Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясы

Банк эл аралык стандарттарга жооп берген жашыл долбоорлорду аныктоодо Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясына таянат — ал Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын апрелинде бекитилген жана 2028-жылдын июнуна чейин пилоттук режимде иштейт.

Эл аралык кызматташтык: KyrSEFF+ программасына катышуу

Компаньон Банкы ЕБРР тарабынан колдоого алынган KyrSEFF+ — Кыргызстандын туруктуу энергетика жана финансы программасын активдүү ишке ашырып келет.

Программанын алкагында биз:
1

Экологиялык таза чечимдерди каржылайбыз – энергияны үнөмдөөчү шаймандардан тартып, жылытуу системаларын жана имараттарды жылуулоону модернизациялоого чейин

2

Кардарларды окутуп жана консультация беребиз

– туруктуу керектөө жана курулуштун артыкчылыктары боюнча маалымат жеткиребиз.


3

Айыл жерлеринде жана ишкерлер арасында экологиялык чарбалык моделдерге өтүүнү колдойбуз


Компаньон Банкы үчүн мындай демилгелерге катышуу – бул келечекке салым гана эмес, бүгүнкү күндө адамдарга болгон реалдуу жардам.
Биз күнүмдүк чечимдерди туруктуу кылабыз, ал эми туруктуулукту — банктык ой жүгүртүүнүн бир бөлүгүнө айлантабыз