Компаньон Банкынын Агенти

Компаньон Банкынын Агенти

Компаньон Банкынын Агенти – агенттик тиркеме аркылуу банктын кызматтарын калкка аралыктан көрсөткөн, Банктын расмий өкүлү болгон юридикалык жак же жеке ишкер.

Агенттердеги жеткиликтүү кызматтардын тизмеси:

  • Товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу (билим берүү, бала бакчалар, медицина, сулуулук салондору, дүкөндөр ж.б.);
  • “Кошелек Компаньон” капчыгын толуктоо;
  • “Кошелек Компаньон” капчыгынан каражаттарды накталоо;
  • Уюлдук байланыштын балансын толуктоо;
  • Компаньон Банкынан алынган кредитти төлөө.

Компаньон Банкынын Агенти аркылуу төлөөнүн артыкчылыктары:

  • Банктын кеңселерине кайрылуунун кажети жок;
  • Агенттин кызматтарын Банктын иш графигинен көз карандысыз, каалаган убакта алуу мүмкүнчүлүгү (Агенттин иш убактысын жеринен тактап алуу зарыл);
  • Бүткүл өлкөнү камтыган кеңири агенттик тармагы;
  • Сиздин үйүңүзгө жакын жана убактыңыз үнөмдөлөт;
  • Коопсуздук, анткени агент Банктын расмий өкүлү болуп саналат.

Компаньон Банкынын Кыргызстан аймагында, алыскы аймактар жана айылдарды алганда, 507ден ашык агенттик түйүнү бар. Агенттик түйүндөр дүкөндөрдө, дарыканаларда жана май куючу жайларда жайгашкан.

Агенттердин даректери

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).