Visa төлөм карталары
КОМПАНЬОН БАНКЫНАН VISA КАРТАСЫ МЕНЕН САТЫП АЛУУЛАРДЫ ТӨЛӨҢҮЗ ЖАНА БАЙГЕЛЕРДИ АЛЫҢЫЗ!
Visa төлөм карталары
Компаньон Банкынын эл аралык Visa төлөм картары – бул соода борборлорунда интернет аркылуу сатып алуу жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө күнү-түнү тынымсыз банкомат аркылуу накталай акча алуу мүмкүнчүлүгү. Мындан тышкары, Интернет-банкинг же банктык көчүрмөлөр аркылуу, чыгымдарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет. Visa төлөм картарынын дагы башка көп мүмкүнчүлүктөрү бар.
КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН КАРТАСЫНАН АКЧАНЫ НАКТАЛООДО КОМИССИЯ 0%
Акция 2023-жылдын 5-июнунан 31-декабрга чейин жүрөт!
* Акция Банк тарабынан жеке адамдарга (КР резиденттерине) чыгарылган сом карталарына жана сом менен алынган учурда гана таркатылат. пенсионерлердин, социалдык төлөмдөргө жана эмгек акы төлөө долбоорлорун карталарына (Компаньон Банкынын кызматкерлеринен тышкары).
Компаньон Банкынын Visa карттарынын мүмкүнчүлүктөрү:
- соода мекемелеринде товарлар жана кызматтар үчүн төлөө;
- 3D-Secure технологиясы аркылуу интернетте коопсуз түрдө төлөмдөрдү жүргүзүү;
- акча каражаттарын, эсептин валютасына карабастан, чечип алуу;
- эсептин абалы тууралуу мини-көчүрмөлөрдү алуу;
- транзакциялар жөнүндө SMS жана e-mail билдирүүлөрдү алуу;
- VISA Direct системасы боюнча акча которуу;
- акча каражаттарын коопсуз түрдө сактоо;
- payWave технологиясы* боюнча 1000 сомго чейин контактсыз төлөмдөрдү жасоо (бир күндө ар бири 1000 сомго чейин 2 транзакция).
*payWave технологисы – төлөм картасын кассадагы төлөм терминалына жакын алып барып, PIN-кодду тербестен төлөмдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген контактсыз технология. Эгерде 1 күндүн ичинде төлөмдөрдүн суммасы 2 миң сомдон ашык болсо, картаны жабдыкка коюп, PIN-кодду терүү керек. Мындан соң, сатуучу картанын ээсине төлөм чегин чыгарып берет.
1. Visa Classic – бул Visa эл аралык төлөм системасынын негизиндеги энчилүү дебеттик карты. Акча каражжаттарын кыргыз сому же АКШ долларында чечүүнүн, сактоонун жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнүн ишенимдүү жана ыңгайлуу ыкмасы. VISA Classic карттары, бүгүнкү күндө эң коопсуз чечим, деп саналган чип технологиясы менен даярдалат.
2. Visa «Тез Classic» картында, Visa Classic картынын бардык негизги артыкчылыктары бар. Эң негизги айырмачылыгы – бул, келишимге кол коюлгандан кийин, дароо эле ошол жерден берилет. Visa «Тез Classic», Visa Unembossed (карттын алдынкы бетинде ээсинин аты жазылбайт) картынын негизинде иштелип чыккан өнүм болуп саналат.
Visa Classic жана Visa «Тез Classic» карттарынын негизги өзгөчөлүктөрү:
Visa Classic валютасы Visa «Тез Classic» валютасы |
Кыргыз сому жана АКШ доллары Кыргыз сому |
Карттын жарактуу мөөнөтү |
Visa Classic -5 жыл Visa «Тез Classic» - 3 жыл |
Картты алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеги |
|
3. Visa «Эмгек акы долбоору» төлөм карты - бул Visa Classic эл аралык төлөм системасынын негизинде иштелип чыккан дебеттик карты. Ал, комерциялык уюм кызматкерлеринин эмгек акысын алуусу үчүн иштелип чыккан.
Компаньон Банкынын Visa «Эмгек акы долбоору» төлөм картынын уюмдар үчүн артыкчылыктары:
• компаниянын эсептик-кассалык операцияларга кеткен чыгымдарын кыскартуу; уюмдун эмгек акы менен алектенген кызматкерлерин бошотуу;
• накталай акча каражатарын сактоо жана ташууга байланыштуу тобокелдиктерди минималдаштыруу; накталай эмес акча каражаттар кызматкерлердин эсептерине онлайн тартибинде түшөт;
• кызматкерлердин эмгек акы өлчөмү жөнүндө маалыматтын купуялуулугу;
• тарифтерди аныктоо ишинде ар бир уюмга жекече мамиле.
Компаньон Банкынын Visa «Эмгек акы долбоору» төлөм картынын уюмдардын кызматкерлери үчүн артыкчылыктары:
• эмгек акынын өз убагында төлөнүшү; кезектин жоктугу; эмгек акыны Компаньон Банкынын жана өнөктөш ДемирБанктын төлөм жабдуулары аркылуу күнү-түнү алуу;
• кыргыз сому жана/же АКШ доллары менен накталай акча чечип алуу;
• интернет аркылуу, ошондой эле соода жана тейлөө ишканаларында төлөмдөрдү накталай эмес түрдө жүргүзүү;
• накталай акча каражаттарын дүйнө жүзү боюнча, эсептин валютасына карабастан алуу.
Төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө эрежелери
Интернетте Visa карттарын колдонуу боюнча нускама
Банк эсебинин башкы келишимин түзүү үчүн коомдук оферта (13.05.2022 тартып жарактуу)
Банк эсебинин башкы келишимин түзүү үчүн коомдук оферта (16.01.2023 тартып жарактуу)
VISA төлөм картасы менен төлөмдөрдү жүргүзүүдө Компаньон Банкынан арзандатуулар(Card Plus)