Жеке кардарларга

Аманаттар

Аманатты үйдөн чыкпастан ачуу жана толуктоо!

Банктык эсептериңизди Интернет жана Мобилдик банкинг, ошондой эле “Кошелёк Компаньон” тиркемеси аркылуу 24/7 башкарыңыз.

Аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтарды Банкка келбестен Кардарларды колдоо кызматы аркылуу кошуңуз:

  • 88 00 (уюлдук телефондон чалуу акысыз)
  • WhatsApp +996 770 33 88 00
  • Онлайн-чат

«КОМПАНЬОН БАНКЫ» ЖЧК КАРДАРЛАРЫНЫН АМАНАТТАРЫ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОРГОЛОТ

Компаньон Банкы – 2016-жылынан тарта Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу. КРдин Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» КРдин Мыйзамына ылайык, ар бир аманатчыга акча каражаттарын кайтарып берүүгө кепилдик берет, башкача айтканда кепилдик учур келгенде аманатчыларга 1 млн сом компенсация, анын ичинде аманаттар боюнча пайыздар төлөнөт.

Компаньон Банкына өз үнөмдөлгөн акчаңызды салганда, акча каражаттарыңыздын толук сакталышына жана көбөйүшүнө ишенсеңиз болот.