Банктын Миссиясы
Биргеликте жаркын
келечек түзөбүз
Компаньон тарабынан сунушталган маалыматтык кызматтар кардарларга үй чарбаларын жана кирешелерин жакшыраак башкарууга жардам берет

Банк тарыхы
Компаньон Банкы Банктар аралык процессинг борборунан “QR Code аркылуу төлөмдөрдү илгерилетүү боюнча жылдын банкы” номинациясында сыйлык алды.
Компаньон Банкы Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп Банктык баалуулуктардын глобалдык ассоциациясына (GABV) кошулду
Банктын жетишкендиктери
.png&w=3840&q=75)
2024-ЖЫЛДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭҢ МЫКТЫ БАНКЫ
Компаньон Банкы «Акчабар» финансы порталы уюштурган элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында «Кыргызстандын эң жакшы банкы — 2024» наамын жеңип алды. 2024-жылдын 17-декабрынан 2025-жылдын 17-январына чейин өткөн добуш берүүнүн жүрүшүндө Компаньон Банкы жалпы добуштардын 21,7% алып, өлкөдөгү бардык банктардын ичинен биринчи орунга чыкты.
.png&w=3840&q=75)
КОМПАНЬОН БАНКЫ – «ЭЛКАРТ» E-COMMERCE ТӨЛӨМДӨРҮ БОЮНЧА ЖЫЛДЫН БАНКЫ!
Компаньон Банкы санариптик финансылык кызматтарды өнүктүрүүдө ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылууда — биздин банктык өнүмдөр барган сайын ыңгайлуу, ылдам жана коопсуз болуп баратат. Бул жетишкендиктер IPS Awards 2024 сыйлыгы менен белгиленди — «БАНКТАР ЭЛ АРАЛЫК ПРОЦЕССИНГ БОРБОРУ» ЖАК версиясы боюнча Компаньон Банкы «Элкарт» e-commerce төлөмдөрүнүн көлөмү боюнча Жылдын банкы болуп аталды!

CERISE+SPTF алтын сертификаты
Компаньон Банкы CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды.

Компаньон Банкы – “Чексиз” версиясы боюнча мыкты иш берүүчү
Компаньон Банкы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн (ДМЧА) зарыл шарттарды жана инфраструктураны түзгөн мыкты компания наамына арзыды, ошондой эле “ЧЕКСИЗ” биринчилигинде “Аймактын мыкты иш берүүчүсү” катары таанылды.

Компаньон Банкы Банктык Баалуулуктардын Глобалдык альянсынын (GABV) мүчөсү
Компаньон Банкы – Банктык баалуулуктардын глобалдык альянсына (GABV) мүчө болгон Кыргыз Республикасындагы жалгыз каржы институту.

QR код менен төлөмдөрдү илгерилетүү боюнча жылдын банкы
Компаньон Банкы 2021-жылы Банктар аралык процессинг борборунан “QR Code аркылуу төлөмдөрдү илгерилетүү боюнча жылдын банкы” номинациясында сыйлык алды.

Микрокаржы чөйрөсүндөгү жетишкендиктер үчүн европалык сыйлык
2014-жылдын ноябрында Компаньон микрокаржы чөйрөсүндөгү жетишкендиктер үчүн Европалык сыйлыкты жеңип алган Борбордук Азиядагы биринчи уюм болду. Сыйлык мыкты практикаларды илгерилетүү максатында инновациялык идеялары үчүн каржы институттарга ыйгарылат.

Кардарлады коргоо принциптери
Компаньон биринчи жолу Smart Campaign Тактыктамасын 2014 жылы алып, Кыргызстанда кардарларды коргоо негиздерин сактаган биринчи уюм болгон.

«Α-» рейтинги
2014-жылдын апрелинде M-CRIL эл аралык рейтингдик агенттиги Компаньонго «α-» жогору институционалдык рейтингин берип, компанияны стабилдүү жана каржы жактан туруктуу, кардарлар менен узак мөөнөттүү мамилелерге багытталган уюм деп эсептеди.

QR код менен төлөмдөрдү илгерилетүү боюнча жылдын банкы
2024 жылы Компаньон Банкы "Элкарт контактсыз карталарынын эмиссиясы боюнча жылдын Банкы" деп табылды.