- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- SENDY ЖАНА «МИР ПРИВИЛЕГИЙ» ТИРКЕМЕЛЕРИ АРКЫЛУУ РОССИЯДАН АКЧА КОТОРУУЛАР
Банк жаңылыктары
SENDY ЖАНА «МИР ПРИВИЛЕГИЙ» ТИРКЕМЕЛЕРИ АРКЫЛУУ РОССИЯДАН АКЧА КОТОРУУЛАР
аяк оона айы 15, 2024
Россиядан Компаньон Банкынын карталарына оңой жана тез акча которуулар!
Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек.
Акча которуулардын артыкчылыктары:
- Комиссия 0%*
- Которуулар бир заматта чегерилет
- Ыңгайлуу конверсия курстары
Которууну кантип жөнөтсө болот:
«Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу:
- "Рекомендуем" бөлүмүнө кирип, "Переводы в Кыргызстан" - "На карту получателя" бөлүмүн тандаңыз.
- Сумманы рубль менен киргизип, жөнөтүүчүнүн маалыматын толтуруңуз.
- Алуучунун картасынын номерин киргизип, "Отправить" баскычын басыңыз.
Sendy тиркемеси аркылуу:
- Башкы менюдан "Сделать перевод" - "Кыргызстан" дегенди тандаңыз.
- Картанын номери боюнча которуу үчүн , «Перевод на карту» дегенди тандап - алуучунун картасынын номерин киргизиңиз. Сумманы киргизип - «Оплатить» баскычын басыңыз.
Комиссияны жөнөтүүчү төлөйт. Акча каражаттары рубльменен жөнөтүлөт, ал эми эсепке сом менен түшөт.
Компаньон Банкы менен Россиядан Кыргызстанга акча которууларды оңой жана пайдалуу жөнөтүңүз!
*Сенди тиркемесинде 8 000 рублдан ашык жөнөтүүдө комиссия 0%, 8 000 рублга чейин - 49 рубль.
Бөлүшүү