kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КАРЖЫЛЫК ЖАРМАНКЕГЕ – 2025 КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

Банк жаңылыктары

КАРЖЫЛЫК ЖАРМАНКЕГЕ – 2025 КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

чын куран айы 3, 2025

Каржылык жарманкеге – 2025 кош келиңиздер!

2025-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде эки маанилүү иш-чара өтөт: «Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2025» аттуу улуттук кампаниянын расмий ачылышы жана «Каржылык жарманке».

Бул иш-чараларга студенттер, жаштар, шаар тургундары жана меймандар катыша алышат.

Быйылкы «Акча жумалыгы» 8-апрелден 15-апрелге чейин өтөт.

Анын урааны - Акылың болсо башыңда — акчаң болот капчыкта.

Каржылык жарманке — бул өз акчаңызга болгон мамилени жакшыртуу, каржылык билим деңгээлиңизди жогорулатуу жана жаңы көндүмдөрдү үйрөнүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Музейдеги иш-чаралар саат 10:00дөн 14:00гө чейин уланат. Катышуучулар төмөнкү темалар боюнча пайдалуу маалыматтарды ала алышат:

- үнөмдөө жүрүм-туруму,

- каржылык коопсуздук,

- акчаны акылдуу пайдалануу,

- жеке финансыны пландоо.

Каржылык жарманкеге катышуучулар:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги;

- ААК «Кепилдик фонду»;

- ААК «Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы»;

- ААК «Айыл Банк»;

- ЖАК «Банк Компаньон»;

- ЖАК «Банк Азия»;

- ААК «Бакай Банк»;

- ААК Банк «Бай Тушум»;

- ЖАК «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»;

- ААК «Евразия Сактык Банкы»;

- ААК «Capital Bank»;

- ЖАК «Коммерциялык Банк КСБ»;

- ЖАК «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк»;

- ААК «Оптима Банк»;

- ААК «ФинансКредитБанк»;

- ЖАК «ЭкоИсламикБанк»;

- ААК «Элдик Банк»;

- ААК «МФК Салым Финанс»;

- ЖАК «МКК Байлык Финанс»;

- ЖАК «МФК ОКСУС»;

- ЖАК «МФК Элет-Капитал»;

- Banks.kg порталы;

- ЖЧК ФК «Сенти».

Мындан тышкары, «Акча жумалыгы – 2025» кампаниясынын алкагында, Банк Компаньон өлкө боюнча бардык аймактарда каржылык коопсуздук, каражаттарды рационалдуу пайдалануу жана финансыны пландоо боюнча ачык тренингдерди өткөрүүнү пландаштырууда.

Бөлүшүү