kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • БАНК КОМПАНЬОН ЖАНА MINU PAYMENT SOLUTIONS ӨЗАРА ТҮШҮНҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

Банк жаңылыктары

БАНК КОМПАНЬОН ЖАНА MINU PAYMENT SOLUTIONS ӨЗАРА ТҮШҮНҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

чын куран айы 2, 2025


Бишкек, 2025-жылдын 2-апрелиБанк Компаньон жана Улуу Британиянын финтех-новатору Mongol ID Holding Кыргызстанда заманбап төлөм технологияларын киргизүү максатында өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Minu Payment Solutions — бул санариптик төлөмдөр тармагындагы лидер. Компания жаңы муундагы чечимдерди сунуштайт: POS-терминалдар, QR-төлөмдөр, виртуалдык карталар жана бизнеске арналган интеграцияланган системалар. Minu менен кызматташтык Кыргызстандагы банк тармагына инновацияларды киргизүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Бүгүн биз маанилүү тарыхый окуяга күбө болуп жатабыз, — деди Банк Компаньондун ЖАК Башкармалыгынын төрайымы Маргарита Черикбаева. — Minu менен кызматташтык төлөм процесстерин оптималдаштырууга жана кардарлар үчүн сервис деңгээлин жаңы чектике чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул өнөктөштүк эки тараптын тең рыноктогу позициясын бекемдеп, жеткиликтүү жана инновациялык каржылык чечимдерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт».

Банк Компаньон заманбап бизнеске ылайыкташтырылган технологиялык чечимдерди сунуштоо менен ишкерлер үчүн ишенимдүү өнөктөш болууну улантууда.

«Биз өз технологияларыбызды Кыргызстанга алып келип, Банк Компаньон менен кызматташууга кубанычтабыз», — деди Minu Payment Solutions компаниясынын башкы директорунун орун басары Бодьгэрэл Бат-Орших. «Биздин чечимдер бизнеске операцияларды жөнөкөйлөтүүгө, натыйжалуулугун жогорулатууга жана санариптик экономикада өсүүгө жардам берет».

Өнөктөштүктүн алкагында Банк Компаньон ишкерлер үчүн санариптик кызматтардын линейкасын кеңейтүүнү пландоодо. Башкы багыттардын бири — соода эквайрингин өнүктүрүү, башкача айтканда, POS-терминалдар жана QR-коддор аркылуу нактасыз төлөмдөрдү кабыл алуу кызматын кеңейтүү болот.

«Бул жөн гана кеңейүү эмес — бул Улуу Британия менен Борбор Азиянын ортосундагы санариптик көпүрө», — деп белгиледи Mongol iD компаниясынын стратегия боюнча директору Тугстугулдур Баасансурэн.

Бул кызматтар айрыкча майда жана орто бизнес үчүн өзгөчө актуалдуу, анткени алар кардарларга ыңгайлуу төлөм ыкмаларын сунуштоого умтулушат.

Банк Компаньондун POS-терминалдарынын артыкчылыктары:

  • Каражаттардын дароо түшүшү

  • Банкка барбастантерминал туташтыруу мүмкүнчүлүгү

  • Абоненттик төлөм жок

  • ККМ (фискалдык модуль) терминалга орнотулган

  • Visa Businessкартасы бекер берилет

  • 24/7 техникалык колдоо

Банк Компаньон кардарларга жөн гана жабдууну сунуштабастан, толук кандуу колдоо жана өнүктүрүүнү камсыздайт: адистер эсеп ачып, карта берүүгө, жабдууну орнотуп, персоналды үйрөтүүгө жардам беришет.

Өтүнмө берүүболгону бир нече мүнөттү талап кылат — сайт аркылуу же 88 00 кыска номерине чалып (WhatsApp да жеткиликтүү: +996 770 33 88 00).

Банк Компаньон — бул Кыргызстандын алдыңкы финансы институттарынын бири, жеке кардарларга, ишкерлерге жана корпоративдик секторго заманбап банк кызматтарын сунуштайт.

Банктын тармагы өлкө боюнча 107 тейлөө пунктун, ошондой эле 3500дөн ашуун агентти камтып, алыскы аймактарга да каржылык кызматтарды жеткиликтүү кылат.

Компаньон мобилдик тиркемеси Кыргызстандагы эң популярдуу финансы колдонмолорунун катарына кирет жана бул кардарлардын жогорку ишенимин, банктын санариптик өнүгүүгө багытталган аракеттерин тастыктайт.

Банк майда жана орто бизнести колдойт, социалдык жана экологиялык демилгелерди ишке ашыратжана өлкөдө алгачкылардан болуп Баалуулуктарга негизделген банктар Глобалдык Альянсына кошулган, туруктуу жана жоопкерчиликтүү банкинг принциптерине берилгендигин көрсөтөт.

Бөлүшүү