kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Компаньон Банкы WeCode аял ишкерлерди колдоо кодексине кол койду

Банк жаңылыктары

Компаньон Банкы WeCode аял ишкерлерди колдоо кодексине кол койду

теке айы 4, 2025

Компаньон Банкы WeCode аял ишкерлерди колдоо кодексине кол койду

Бишкек, 2025-жылдын 4-июлу – Компаньон Банкы Кыргыз Республикасында Аял ишкерлерди каржылоо кодексине (WeCode) кол коюу аземине катышты. Иш-чара 2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында, Улуттук банк, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР), Кыргызстандын банктар союзу жана өнөктөштөрдүн катышуусунда өттү.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) менен өнөктөштүктө иштелип чыккан бул стратегиялык демилге аялдардын финансылык кызматтарга жетүүсүндөгү тоскоолдуктарды системалуу түрдө жоюу жана алардын экономикалык потенциалын толук ачууга багытталган институционалдык чөйрөнү түзүүдөгү маанилүү этап болуп эсептелет.

Бул кодекске өлкөнүн 10 алдыңкы финансылык институттары, анын ичинде 7 коммерциялык банк, 2 микрофинансылык уюм жана Кепилдик фонду расмий түрдө кошулушту. Кол коюучулар Лидерлик, Иш-аракет жана Маалымат деген үч негизги принципти ишке ашыруу боюнча ачык милдеттенмелерди алышты, бул аял ишкерлигин комплекстүү колдоого өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кодекс боюнча Улуттук коалициянын ишин координациялап, бардык катышуучулардын аракеттерин шайкештештирүүнү жана процесстин жүрүшүн көзөмөлдөөнү камсыз кылат. Маанилүү компоненттердин бири болуп гендердик белгиси боюнча ажыратылган маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасын киргизүү эсептелет, бул келечекте далилдерге негизделген саясаттарды (evidence-based policy) иштеп чыгууда маанилүү болот.

WeCode'го кошулуу Компаньон Банкынын аял ишкерлигин илгерилетүүдө улуттук жана эл аралык деңгээлде лидерлигин чыңдоого мүмкүндүк берет.

«Аял ишкерлигин колдоо – бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, жумуш орундарын түзүүгө жана финансылык инклюзияга инвестиция болуп эсептелет. WeCode'го кошулуу Компаньон Банкынын ESG баалуулуктарына жана кардарларыбыз менен коомдун келечеги үчүн жакшы шарттарды түзүү миссиясына төп келет», – деп белгилешти банктан.

Компаньон Банкы аял ишкерлерди колдоону каржылоодон тышкары, зарыл билим жана көндүмдөр менен камсыз кылып, алардын ишмердигин туруктуу өнүктүрүүгө шарт түзүп келет. Банк финансылык сабаттуулук, алдамчылыктын алдын алуу, айыл чарба жана багбанчылык бизнеси боюнча тренингдерди өткөрүп, ошондой эле аймактардагы аял ишкерлерге бизнес жүргүзүү жана кеңейтүү боюнча консультацияларды камсыздап келет. Ошону менен катар, банк гендердик теңдикти илгерилетүүгө багытталган ички саясаттар менен процедураларды өркүндөтүп, аял ишкерлер ассоциациялары, жарандык коом уюмдары жана мамлекеттик түзүмдөр менен өнөктөштүктү кеңейтүүнү пландап жатат.

Маалымат үчүн:
WeCode – бул аялдар жетектеген бизнести каржылоону тездетүү максатында лидерликти күчөтүү, маалыматтарды чогултуу жана талдоону жакшыртуу, практикалык чараларды каржы секторунда ишке ашыруу аркылуу аял ишкерлерди колдоого багытталган глобалдык көп тараптуу демилге. Бул демилгени аял ишкерлерди өнүктүрүү багытында глобалдык жана улуттук өнөктөштөрдү бириктирген Women Entrepreneurs Finance Initiative (We-Fi) колдойт.

Бөлүшүү