- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Компаньон Pro Бизнес - эксперттик аянтча
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
Компаньон Pro Бизнес - эксперттик аянтча
Компаньон Pro Бизнес - эксперттик аянтча
Компаньон Банкы кардарларга мыкты санариптик финансылык кызматтарды гана сунуштоого умтулбастан, ишкерлер үчүн окуу, тажрыйба алмашуу жана бирге өсүү үчүн аянтча түзүп келет. Ушул багыттагы кезектеги кадам катары банк чакан жана орто бизнес бухгалтерлери менен ачык талкуу форматында жолугушуу өткөрдү.
Иш жүзүндө колдонулуучу тажрыйба жана чечимдер
Компаньон Банкынын чакыруусу менен жолугушууга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддун Окуу борборунун эксперттери катышып, салык жана социалдык камсыздандыруу мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип, жаңы нормативдик-укуктук актылардагы негизги пункттарды жана алардын иш жүзүндө колдонулушун түшүндүрүп беришти.
Андан соң «суроо–жооп» сессиясы өткөрүлүп, катышуучулар өздөрү үчүн маанилүү болгон суроолорду берип, мамлекеттик органдардын адистеринен түздөн-түз кеңири жана мазмундуу жоопторду ала алышты.
Компаньон Банкы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Социалдык фонддун Окуу борборуна конструктивдүү катышуусу, ачыктыгы жана ишкерлер үчүн эксперттик кеңеш берүүгө болгон даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирет.
Кардарлар менен бирге өнүгүп жаткан санариптик кызматтар
Жолугушуунун өзгөчө бөлүгү Компаньон Бизнес мобилдик тиркемесин талкуулоо болду. Бул кызматты колдонуп жаткан бухгалтерлер жана Компаньон Банкынын продукт-оунерлору чогулуп, тиркемени иш жүзүндөгү бизнес талаптарына дагы да ылайыкташтыруу үчүн кандай функциялар кошулушу керектигин бирге талкуулашты.
Муну менен катар, талкуу учурунда сунушталган сунуштардын айрымдары банк командасы тарабынан дароо ишке ашырылып, катышуучуларга сунушталып көрсөтүлдү. Мындай ыкма ишкерлерге өздөрүнүн сунуштары колдонуп жаткан санариптик чечимдердин өнүгүшүнө түз таасир берерин ачык көрсөтүп турат.
«Биз ишкерлер менен бухгалтерлер Компаньон Бизнести жөн гана тиркеме катары эмес, алардын реалдуу муктаждыктарына ылайыкташкан ишенимдүү жана ийкемдүү курал катары кабыл алуусун каалайбыз», — деп белгилешти Компаньон Банкынын адистери.
Ачыктык жана эксперттик колдоо — бизнес өнүгүүсүнүн негизи
Компаньон Банкы кесиптик коомчулук, мамлекеттик органдар жана банк ортосундагы диалог бизнес үчүн эң ылайыктуу чечимдерди табууга жана натыйжалуу финансылык чөйрөнү биргелешип курууга шарт түзөт деп ишенет.
«Биздин милдет — кардарларды продукциялар менен гана эмес, эксперттик колдоо аркылуу да коштоп туруу. Мындай жолугушуулар бизнеске ишенимдүү өнүгүүгө жана туруктуу иштөөгө жардам берет», — деп белгилешти Компаньон Банкынын өкүлдөрү.
Биз бардык катышуучуларга активдүү катышуусу, баалуу идеялары жана кайтарым байланышы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Компаньон Банкы бизнес үчүн маанилүү маселелерди ачык жана практикалык форматта талкуулоо максатында мындай жолугушууларды улантат.
Бөлүшүү