kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Каржы коопсуздугу жана алма бактар: Согунду айылында эмне тууралуу сүйлөштүк

Банк жаңылыктары

Каржы коопсуздугу жана алма бактар: Согунду айылында эмне тууралуу сүйлөштүк

теке айы 8, 2025

Каржы коопсуздугу жана алма бактар: Согунду айылында эмне тууралуу сүйлөштүк

Компаньон Банкынын командасы пайдалуу сапар менен Алай районунун Согунду айылына барып келди. Бул жерде, Буниса Арзиева атындагы №11 бала бакчада жергиликтүү тургундар үчүн тренинг өткөрдүк.

Согунду айылы тоолор жана ийне жалбырактуу бактар менен курчалып, Гүлчө айылынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. 1980-жылдары курулган бала бакча күн сайын 50–55 баланы тосуп алат. Бул жерде 12 кызматкер эмгектенет, алар балдарды тарбиялап эле тим болбостон, өздөрү жашаган жана эмгектенген жерине кам көрүп келишет. Тренинг өткөрүлгөн күнү жамаат өз колу менен аянтчаны оңдоп-түзөп жатты.

Адатыбызча, биз тренинг гана эмес, жашоону жана иштөөнү жеңилдеткен, пайдалуу билимдер менен бөлүшүү максаты менен бардык.

Алма бак жыл сайын жемиш берүү үчүн эмне кылуу керек?

Тренингдин бир бөлүгү агрардык жана ветеринардык темага арналды. Биз алма бактарды туура түрдө суюлтуп бутоо жана эмне үчүн бул, өзгөчө июнь айында, маанилүү экенин айтып жана көрсөтүп бердик. Айыл тургундары төмөнкү суроолорду беришти:

– Эмне үчүн алма бак 6–7 жылдан бери бар болсо да, жемиш бербей жатат?
– Эмне үчүн гүлдөрү көп, бирок түшүм аз болуп жатат?

Биз ар бир катышуучу бул билимди өз багында колдонуп, туруктуу түшүм алууга шарт түзө турган практикалык кеңештерди бердик.

Ошондой эле мал чарбачылыгы боюнча да пайдалуу кеңештерди талкууладык: дөөт уйду тандоодо көңүл буруш керек болгон жөнөкөй, бирок маанилүү көрсөткүчтөр тууралуу сөз болду.

Агент – айылдагы чакан банк

Менеджерлер Компаньон Банкынын агенттери аркылуу айылдын ичинде алып кете ала турган кызматтар тууралуу айтып беришти: накталай акча алуу, депозит ачуу, онлайн-кредит алуу. Көпчүлүк тургундар үчүн бул айылдын ичинде туруп эле өз акча каражаттарын башкарууга мүмкүнчүлүк берүүчү ыңгайлуу жол экенин билип, кызыгуу менен кабыл алышты.


Эмне үчүн биз муну кылабыз?

Компаньон Банкы үчүн мындай тренингдер билим гана эмес, ишенимди жана биргелешип өнүгүүнү түзүү жолу. Биз үчүн айыл тургундары үчүн маалыматтарга, инструменттерге жана мүмкүнчүлүктөргө жетүү жеткиликтүү болушу канчалык маанилүү экенин көрүү маанилүү.

Биз бирге үйрөнүп, бирге өсүп, ар бир бала, ар бир үй-бүлө жана ар бир ишкер өз тамырларын жана салттарын сактоо менен өнүгө ала турган келечек үчүн мейкиндик түзүп жатабыз.

Бирге үйрөнүп, бирге өнүгөбүз

Компаньон Банкынын кызматкерлери үчүн мындай сапарлар жөн гана тренинг эмес. Бул адамдарды угуп, алардын муктаждыктарын түшүнүп, жеткиликтүү жана жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүү мүмкүнчүлүгү. Бул бири-бирибизден үйрөнүп, өнүгүү үчүн биргелешипаракет кылуу мүмкүнчүлүгү – балдар ойногон, бактар гүлдөгөн, жашоо бир аз жеңил жана коопсуз болушу маанилүү болгон жерде.

Биз ишенебиз: каржылык сабаттуулук жана кызматтарга жеткиликтүүлүк айылдар жана райондордун өнүгүшүнүн негизи болуп саналат, жана биз бул процесстин бир бөлүгү болуп жатканыбызга кубанычтабыз.

Бөлүшүү