- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Компаньон Банкынын Үй-бүлөлүк Акча Которуулар Эл Аралык Күнүнө (IDFR) карата кайрылуусу
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
Компаньон Банкынын Үй-бүлөлүк Акча Которуулар Эл Аралык Күнүнө (IDFR) карата кайрылуусу
Компаньон Банкынын Үй-бүлөгө Жөнөтүлгөн Акча Которуулар Эл Аралык Күнүнө (IDFR) карата билдирүүсү
16-июнь — бул өзгөчө маани бар дата. Бул күндү дүйнө жүзү өз жакындарынан алыста жүрүп, күн сайын аларга таяныч болгон адамдарга арналган.
Мигранттар жөнөткөн каражаттар — бул жөн гана күнүмдүк керектөөлөрдү жабуу эмес. Бул — колдоо, ишеним, дарыланууга, билим алууга, азык-түлүккө жана турак жайга мүмкүнчүлүк. Бул — мамлекеттерди, муундарды жана адамдарды байланыштырган көзгө көрүнбөгөн көпүрөлөр. Компаньон Банкы бул көрүнүштү ар дайым байкап келет — филиалдарда, мобилдик сервистерде жана кардарлардын жашоо окуяларында.
IFAD менен биргеликте биз төмөнкү баалуулуктарды илгерилетебиз: экономикалык туруктуулук, айыл жергесиндеги жамааттарды күчтөндүрүү жана ар бир жаранга мүмкүнчүлүк түзүлгөн келечекти калыптандыруу.
Кыргызстандагы акча которуулар системасын өнүктүрүүдөгү багытыбыз
1. Жеткиликтүүлүк менен ачыктыкты камсыздоо
Компаньон Банкы 20 жылдан бери өлкөнүн эң алыскы аймактарына чейин ички жана эл аралык которууларга мүмкүнчүлүк берип келет. Биз ар бир жаран жакындарына акчаны коопсуз, ыкчам жана түшүнүктүү жол менен жөнөтө алышы керек деп ишенебиз.
2. Туруктуу өнүгүүнүн негизинде — санариптик мүмкүнчүлүктөр
Азыр акча которуулар көбүнчө QR-коддор, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер аркылуу нактасыз жүргүзүлөт. Биз “Компаньон” жана “Компаньон Бизнес” тиркемелерин, ошондой эле башка санариптик кызматтарды үзгүлтүксүз өркүндөтүп жатабыз. Бул — шаарда болобу же тоолуу айылда болобу, акчаны жөнөтүү же алуу ар дайым жеткиликтүү болушу үчүн жасалууда.
Биздин максат — процесстерди жөн гана санариптештирүү эмес, бардык колдонуучулар үчүн ыңгайлуу жана инклюзивдүү чөйрө түзүү, анда заманбап технологиялар чындап пайдалуу болот.
3. Каржылык сабаттуулукту жана жеткиликтүүлүктү өркүндөтүү
Биз каржылык жардам алуучулар акчаны жөн гана пайдаланып тим болбостон, аны туура башкарганды билишин каалайбыз: үнөмдөө, инвестициялоо жана үй-бүлө мүдөөсүнө жараша колдонуу. Агартуу кампаниялары, кеңештер жана санариптик кызматтар аркылуу биз адамдардын финансылык чечимдерге болгон ишенимин бекемдейбиз.
Компаньон Банкы региондордо агрардык окутууларды, финансы жана санарип сабаттуулук боюнча жолугушууларды дайыма уюштуруп келет. Бул иш-чаралар туруктуу айыл чарбасын жана үй-бүлөлүк ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.
Бул тренингдер — жылдар бою эл ишенимине ээ болгон жана практикага негизделген ыкма. Биз адамдар менен жөнөкөй тилде сүйлөшүп, иш жүзүндө натыйжа берген жолдорду сунуштайбыз.
4. Ынтымакташуу — туруктуулуктун негизги шарттарынын бири
Акча которууларды өнүктүрүүдө бардык кызыкдар тараптардын кызматташуусу маанилүү: банктар, операторлор, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар.
Компаньон Банкы кызматташууга даяр жана эл аралык финтех демилгелер менен активдүү иш алып барып, инновациялык ыкмаларды киргизип, кардарлардын тажрыйбасын жакшыртууга умтулат.
Биздин башкы максат — акча которуулар менен кошо башка банктык кызматтар бардык жарандар үчүн жеткиликтүү, түшүнүктүү жана ишенимдүү болушу. Айрыкча, алыста жүрүп, үй-бүлөсүн камсыздап жаткан жарандар үчүн.
Компаньон Банкы чет өлкөдө иштеп жаткан мекендештерге алардын үй-бүлөсүнө гана эмес, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө да кошкон чоң салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Бул күндө биз жеткиликтүү, адилеттүү жана адамдын керектөөсүнө ылайыкташкан акча которуу системасын өнүктүрүүгө болгон берилгендигибизди өзгөчө баса белгилейбиз.
Маргарита Черикбаева, ЗАО «Компаньон Банкынын» Башкармалыктын Төрайымы
Маалымат үчүн: IDFR (International Day of Family Remittances) — Үй-бүлөгө жөнөтүлгөн акча которуулар Эл аралык күнү. Бул демилге Бириккен Улуттар Уюмунун атайын агенттиги болгон Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду (IFAD) тарабынан сунушталган. Ар жыл сайын 16-июнда белгиленип келет. Максаты — дүйнө жүзүндөгү мигранттардын өз үй-бүлөлөрүнө, коомчулукка жана мекенине кошкон үлүшүн таануу.
Бөлүшүү