kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Дарактар тамыр жайганда — мамиле да бекемделет

Банк жаңылыктары

Дарактар тамыр жайганда — мамиле да бекемделет

кулжа айы 12, 2025
Дарактар тамыр жайганда — мамиле да бекемделет

Маектешибиз — Мамет Ырысбаев, Ош облусунун, Өзгөн районундагы спорт мектебинин директору. Ал Банк Компаньондун аймактык демилгелерди колдоо долбоорунун активдүү катышуучусу.
Кантип башталган
Мамет Дубанаевич, бул долбоор тууралуу кайдан уктуңуз жана эмне себептен катышууну чечтиңиз?
— Компаньон Банкынын кызматкеринен уктум. Ал банк пайдалуу демилгелерди колдой турганын айтты. Биздин мектепке болсо көптөн бери жашылдандыруу жана үн жабдыктары керек болчу. Мурда аппаратты башка мекемелерден убактылуу сурап колдончубуз. Ошондуктан бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, дароо макул болдук.
Бул долбоор сиздин мектебиңиз үчүн кандай мааниге ээ болду?
— Бул чыныгы жардам. Биз мунун үстүнөн көптөн бери ойлонуп келатканбыз. Ал эми бул жолу иштер так, өз убагында бүткөрүлдү. Бул дем берет.

Короону жашылдык жандырат
Эмне үчүн мектептин айланасын жашылдандыруу маанилүү болду?
— Айланабыз бош турган. Жайында чаң, кышында суук. Балдар жашыл чөйрөдө, жандуу атмосферада өсүшүн кааладык.
Эмне отургуздуңуздар жана кимдер катышты?
— 100 даана терек жана 50 даана ийне жалбырактуу бак тигилди. Мектептеги бардык кызматкерлер чыкты. Жогорку класстын окуучулары да чоң кызыгуу менен катышты. Бул чыныгы биримдик болду.
Жыйынтыктар билинип калдыбы?
— Албетте билинди, атмосфера өзгөрдү. Мектеп жашара түшкөнсүп калды. Айылдын тургундары да келип, кызыгып жатышат. Инфраструктура оңолуп, баарынын көңүлү көтөрүлдү.
Кимдер карап, көзөмөлдөп турат эми?
— Мектептин күзөтчүсү, Орозов Улукбек, өзү кам көрөбүз деп убада берди. Ал жоопкерчиликтүү адам. Биз да жардам беребиз — баарыбыз жаратылышты, бакты жакшы көрөбүз.

Спорт бириктирет
Аппаратура алуу сиздер үчүн канчалык маанилүү болду?
— Абдан маанилүү. Үн жок жерде майрам да болбойт, өзгөчо балдар үчүн. Биз көп спорттук иш-чара өткөрөбүз, аппарат жок болсо өтүшү кыйын.
Түздөн-түз жыйынтыктар барбы?
— Албетте! 1-июнь, Балдарды коргоо күнүндө район аралык спорт фестивалын өткөрдүк. Аймактагы мектептер келип, 14 жашка чейинки окуучулар арасында волейбол, футбол болду. Дал ошол күнү Компаньон Банкы бизге жаңы үн күчөткүч жабдыктарды тапшырды. Аппаратты үч иш-чарада колдонуп үлгүрдүк. Абдан жакшы иштейт. Чоң рахмат!

Бизнес эл менен катар жүрсө — өзгөрүү болот
Бул демилгени Банк колдогону тууралуу эмне деп ойлойсуз?
— Бул көп нерседен кабар берет. Компаньон Банкы — көп жылдан бери таанымал, ишенимдүү банк. Бизди колдогону — дем берет. Бул деген биз биргебиз дегенди билдирет.
Буга чейин Банк менен кандайдыр бир кызматташтык болгон беле?
— Ооба. Жеке өзүм пенсия, акча которууларды ушул банк аркылуу алам. Акчамды да сактайм. Ыңгайлуу, баары убагында.
Сиз жана жамаатыңыз үчүн Банк кызматтарынын кайсынысы өзгөчө керектүү?
— Которуулар, насыялар, аманаттар. Айыл жеринде мындай жеткиликтүү кызматтар болгону — ишенимди жаратат.
Сиздин оюңузча, бизнес эмне үчүн коомго аралашуусу керек?
— Анткени мамлекеттик уюмдардын мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү болуп калышы мүмкүн. Өнөктөш болбосо кыйын. Банк колдоп жатканы — бул чоң жардам.

Жеке пикириңиз
Бул долбоор Сиз үчүн жеке кандай мааниге ээ?
— Бул биздин жамаатка берилген ишеним. Идеяң кагаз бетинде калбай, ишке ашканда — кубанасың.
Бул сыяктуу демилгелердин келечеги кандай деп ойлойсуз?
— Дармети чоң. Эгер улантсак — спортто да, экологияда да чоң жетишкендиктер болот.
Акырында, Банк Компаньонго эмне демекчисиз?
— Чоң ыраазычылык! Ишиниз өркүндөй берсин! Ушундай жакшылык көп болсун. Биз бир командабыз — бул сезилет!

Бөлүшүү