- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Компаньон Банкы «Страховая компания «Здоровье» ЖАК менен биргеликте зайым алуучуларды камсыздандыруу боюнча программа ишке киргизди
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
Компаньон Банкы «Страховая компания «Здоровье» ЖАК менен биргеликте зайым алуучуларды камсыздандыруу боюнча программа ишке киргизди
Компаньон Банкы «Страховая компания «Здоровье» ЖАК менен биргеликте зайым алуучуларды камсыздандыруу боюнча программа ишке киргизди
Компаньон Банкы «Страховая компания «Здоровье» ЖАК менен өнөктөштүк макулдашууга кол койду. Макулдашуу боюнча кардарлар онлайн-кредитти өмүрүн жана ден соолугун кырсыктан сактаган камсыздандыруу менен ала алышат.
Жаңы программа төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен кредит алууну — жылдык 22,5%, жана төмөнкү тобокелдик боюнча камсыздандырууну сунуштайт:
- жаракат алуу менен байланыштуу болгон убактылуу эмгекке жараксыздык;
- I, II жана III группадагы майыптыкты алуу;
- кырсык себебинен болгон өлүм.
Камсыздандыруунун баасы?
Камсыздандыруунун баасы кредиттин мөөнөтүнө жана суммасына жараша болот.
Камсыздандыруу менен ким колдоно алат?
Камсыздандыруу Банкка кайрадан кайрылган, 18 жаштан 68 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандарына жана жеке ишкерлерге жеткиликтүү.
Онлайн-кредиттин суммасы?
Кредиттин максималдуу суммасы — 200 000 сомго чейин болушу мүмкүн жана Компаньон Банкынын тиркемесиндеги идентификациянын деңгээлине көз каранды.
Ошол эле учурда 1 зайым алуучунун Банкка болгон жалпы бересеси 250000 сомдоашпашыкерек.
Программада жазапулу жок жана камсыздандыруу полисинин баасын эсепке албастан кредиттимөөнөтүнөн эрте төлөп бүтүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Камсыздандырылган зайым алуучулар «Мой Доктор» («Менин Дарыгерим») тиркемесин акысыз колдонуу укугун алышат.
Тиркеме:
- терапевт дарыгери менен үзгүлтүксүз шашылыш видео-консультация алууга (күн сайын 24/7),
- багыттуу адистер менен видео-консультация,
- дарыгердин кабыл алуу жана медициналык дайындоолор тарыхына,
- квалификациялуу дарыгерлерден кыргыз жана орус тилдеринде күнү-түнү консультация алуу,
- медициналык адистер жана мекемелер тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.
Камсыздандыруу компаниясы тууралуу кененирээк маалыматты https://zdorovie.kg расмий сайтынан ала аласыз.
Суроолоруңуз болсо — 88 00 номерине кайрылсаңыз болот.
Бөлүшүү