kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • «Эко Заряд» экологиялык акциясы: Бишкектеги алдыңкы үч уюмдун катарында Компаньон Банкы

Банк жаңылыктары

«Эко Заряд» экологиялык акциясы: Бишкектеги алдыңкы үч уюмдун катарында Компаньон Банкы

кулжа айы 13, 2025
«Эко Заряд» акциясы: Бишкекте Компаньон Банкы экология боюнча алдыңкы үчтүккө кирди

2025-жылдын 15-апрелинен 5-июнуна чейин Бишкек шаарында “Твой Эко Заряд” аттуу экологиялык акция өттү. Бул демилге “Твой Заряд” компаниясынын жана мэриянын, «Тазалык» МИ, Билим берүү департаментинин жана “Бишкек санитардык полигону” МИ колдоосу менен ишке ашты.

Ар бир майда иш — чоң жоопкерчилик
Компаньон Банкынын командасы акцияга жигердүү катышып, кеңселерде колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча ички иницитива уюштурду. Жумушкерлер бир жарым ай бою үйүндө жыйналган батарейкаларды алып келип, кесиптештерин жана жакындарын да катышууга үндөштү.
Жыйынтыгында Компаньон Банкы Бишкек шаарындагы эң көп батарейка тапшырган үч уюмдун бири болуп калды.

Эмне үчүн бул маанилүү?
Бир эле батарейка 20 чарчы метр жерди ууландырышы мүмкүн. Ошондуктан бул акцияларга катышуу — жаратылышты коргоонун гана эмес, коомдун экологиялык маданиятын калыптандыруунун бир жолу.
Акциянын уюштуруучулары Компаньон Банкына социалдык маанидеги салымы үчүн Ардак грамотасын ыйгарышты. Бирок биздин кызматкерлер үчүн эң негизгиси — жакшы ишке кошкон чыныгы салым жана биргелешкен аракет болду.

ESG: Иш жүзүндөгү туруктуулук
“Эко Заряд” акциясы Банктын айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы ESG демилгелеринин бир бөлүгү болуп калды.
Биз төмөнкү максаттарды көздөйбүз:
  • экологиялык издерди азайтуу;
  • жашоого туруктуу адаттарды жайылтуу;
  • мамлекеттик жана коомдук өнөктөштөр менен кызматташуу.
Туруктуу өнүгүү — бул бир жолку иш эмес, бул күнүмдүк тандоо.
Биз командабызда мындай жоопкерчиликти түшүнгөн адамдар көп болуп жатканына сыймыктанабыз.

Бөлүшүү