- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- БЕКИТИЛГЕН ОНЛАЙН КАРЫЗДАРДЫ Кредит берүүнүн МӨӨНӨТТӨРҮНӨ ӨЗГӨРҮҮЛӨР.
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
БЕКИТИЛГЕН ОНЛАЙН КАРЫЗДАРДЫ Кредит берүүнүн МӨӨНӨТТӨРҮНӨ ӨЗГӨРҮҮЛӨР.
Урматтуу кардарлар!
2025-жылдын 29-мартынан тартып, «Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу бекитилген онлайн насыялар боюнча акчанын кардардык эсепке түшүү мөөнөттөрү өзгөрөт.
Онлайн насыяга кайрылуу жана карап чыгуу процессинин ылдамдыгы өзгөрбөйт — мурункудай эле 5 мүнөткө чейин. Бирок бекитилген сумма мобилдик тиркемедеги баланска белгилүү убакыттан кийин түшөт. Бул убакыт кредиттин өлчөмүнө жараша болот.
📌 Каражат түшүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй:
2 000 сомдон 50 000 сомго чейин — дароо түшөт
50 001 сомдон 100 000 сомго чейин — 4 сааттын ичинде түшөт
100 001 сомдон жогору — 12 сааттын ичинде түшөт, мында банк расмий номерден кошумча чалууаркылуу маалыматты такташы мүмкүн
Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жылдын 12-мартындагы № 2025-П-12/10-2- “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык киргизилди.
Банк Компаньон сиздин каржылык коопсуздугуңузду, ыңгайлуулугуңузду жана ишенимдүүлүгүңүздү камсыздоого аракет кылат.
Толук маалымат алуу үчүн 88 00номерине же WhatsApp аркылуу 0 770 33 88 00 номерине кайрылыңыз.
Бөлүшүү