kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КРЕДИТТИК КАРАЖАТТАРДЫН ЭСЕПКЕ АЛЫНУУ МӨӨНӨТТӨРҮНДӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Банк жаңылыктары

КРЕДИТТИК КАРАЖАТТАРДЫН ЭСЕПКЕ АЛЫНУУ МӨӨНӨТТӨРҮНДӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

жалган куран айы 14, 2025


Урматтуу кардарлар!

Сиздерди Компаньон мобилдик тиркемесиндеги онлайн-кредиттерди берүү мөөнөттөрүнө өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу маалымдайбыз. Бул өзгөртүүлөр 2025-жылдын 29-мартынан тартып күчүнө кирет.

Онлайн-кредит алуу үчүн арыз берүү жана анын каралышы мурдагыдай эле тез бойдон калат – 5 мүнөткө чейин. Бирок, жактырылган кредиттин мобилдик тиркемедеги эсебиңизге түшүүсү белгилүү бир убакытты талап кылат жана ал кредиттин суммасына жараша болот.

Онлайн-кредиттин эсепке түшүүсү үчүн күтүү убактысы кандай?

  • 2 000 сомдон 50 000 сомго чейин – каражат дароо түшөт.

  • 50 001 сомдон 100 000 сомго чейин – каражат 4 сааттын ичинде түшөт.

  • 100 001 сомдон жогору суммадагы кредиттер – каражат 12 сааттын ичинде түшөт. Ошондой эле банк бул убакыт ичинде расмий номерден сизге кошумча текшерүү чалуу жүргүзүшү мүмкүн.

Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жылдын 12-мартындагы № 2025-П-12/10-2-(НПА)токтомуна ылайык ишке ашырылды.

Биз сиздин каржылык операцияларыңызды коопсуз, ыңгайлуу жана ишенимдүү кылууга умтулабыз!

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефону боюнча кайрылыңыз (Кыргыз Республикасынын мобилдик операторлорунун чалуулары акысыз).

Бөлүшүү