- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Global Money Week 2025 алкагындагы каржылык сабаттуулук боюнча сабак
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
Global Money Week 2025 алкагындагы каржылык сабаттуулук боюнча сабак
Банк Компаньон эл аралык Global Money Week 2025 кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында каржылык сабаттуулук боюнча сабак өткөрдү.
Быйылкы кампаниянын урааны — «Акылың болсо башыңда, акчаң болот капчыкта» — жеке каржыларга акыл-эстүү мамиле кылуунун маанисин баса белгилейт. Бул ураан бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу: жаштар ишенимдүү маалымат булактарын табууну, акчаны туура башкарууну жана негиздүү чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшү керек.
Банк Компаньондун адистери катышуучуларга каржылык коопсуздуктун негиздери, акча топтоо, бюджеттик пландоо жана заманбап санариптик банктык куралдар тууралуу айтып беришти.
Мындай иш-чаралар жаш муунда акчага болгон туура мамилени калыптандырууга жана жоопкерчиликтүү каржылык жүрүм-турумду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Бөлүшүү