- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- GLOBAL MONEY WEEK -2025 АЛКАГЫНДАГЫ ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА САБАК
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
GLOBAL MONEY WEEK -2025 АЛКАГЫНДАГЫ ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА САБАК
«Global Money Week – 2025» алкагындагы финансылык сабаттуулук боюнча сабак.
Банк Компаньон Global Money Week – 2025 эл аралык кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери үчүн финансылык сабаттулук боюнча сабак окуп берди.
Быйылкы кампаниянын урааны — “Акылың болсо башыңда, акчаң болот капчыкта” — жаштар үчүн акчанын баасын түшүнүүгө, туура маалымат издеп табууга жана финансылык чечимдерди акыл-эстүү кабыл алууга чакырат. Бул ураан жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акчаны башкаруу маданиятын өнүктүрүү жана жоопкерчиликтүү мамиле калыптандыруу максатын көздөйт.
Банк Компаньондун адистери катышуучуларга акчаны үнөмдөө, бюджети түзүү, финансылык коопсуздук жана заманбап санариптик куралдар тууралуу пайдалуу маалыматтарды беришти.
Бөлүшүү