- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Банк Компаньон мектеп окуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нумизматикалык музейине экскурсия уюштурду
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
Банк Компаньон мектеп окуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нумизматикалык музейине экскурсия уюштурду
15-апрелде, Global Money Week — Каржылык сабаттуулук боюнча эл аралык жумалыктын алкагында, Банк Компаньон мектеп окуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нумизматикалык музейине таанып-билүүчү экскурсия уюштурду.
1998-жылы негизделген музей кыргыз сому жана өлкөдөгү акча жүгүртүү тарыхын сактаган уникалдуу жай болуп эсептелет. Экспозициялар улуттук валютанын киргизилген күнүнөн азыркы учурга чейинки жолун чагылдырып, Улуу Жибек жолу доорунун сейрек жолугучу тыйындарын, эстелик жана коллекциялык монеталарды, алтын куймаларды жана башка баалуу экспонаттарды камтыйт.
Экскурсия учурунда мектеп окуучулары улуттук валютанын кандайча чыгарылып жана жок кылынарын билишти, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн акча үлгүлөрүн көрүштү жана «Сом – Кыргызстандын жүзү» маалыматтык-ағартуу программасы менен таанышышты. Иш-чара жылуу жана интерактивдүү маанайда өтүп, окуучулар суроолорду берип, сүрөткө түшүп, таасирлерин бөлүшүштү.
Банк Компаньондун адистери окуучуларга каржылык сабаттуулук жана фродго каршы аракеттер тууралуу айтып беришти: акчаны кантип коргоо керек, шылуундарга алданбай, банктык кызматтарды коопсуз колдонуу жолдорун түшүндүрүштү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын меймандостугу жана кызыктуу экскурсиясы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
Банк Компаньон жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу багытындагы демилгелерди улантып, акчага болгон жоопкерчиликтүү мамилени жана улуттук валюта тарыхына болгон урматты калыптандырууга арналган билим берүү иш-чараларын дайыма колдоп келет.
Бөлүшүү