kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Төлөм жүргүзүүнүн жаңы жолу — Компаньон Банкынан “Элкарт” виртуалдык картасы

Банк жаңылыктары

Төлөм жүргүзүүнүн жаңы жолу — Компаньон Банкынан “Элкарт” виртуалдык картасы

теке айы 17, 2025

Компаньон Банкы жана ЭЛКАРТ Улуттук төлөм жүргүзүү системасы виртуалдык дебеттик картаны ишке киргизди. Эми төлөм жүргүзүү мурдагыдан дагы тез, ыңгайлуу жана пластиксиз болот!

“Компаньон” тиркемеси аркылуу заматта таризделет жана дароо төлөм жүргүзүү үчүн даяр.

Карта эмнени сунуштайт?

·        Акысыз чыгаруу жана эсепти тейлөө

·        Yandex, Glovo, Wildberries ж.б. жергиликтүү платформаларда онлайн төлөм жүргүзүү

·        “Элкарт Pay” аркылуу контактсыз төлөм жүргүзүү

·        Картанын дизайнын тиркемеде тандоо мүмкүнчүлүгү

·        Электрондук капчыктар менен интеграция

·        Экологияга кар көрүү — 0% пластик

Картаны тариздөө жолу:

1.        “Компаньон” тиркемесин жүктөп алыңыз

2.        Тез регистрациядан өтүңүз

3.        “Виртуалдык карта” баскычын басып, анын дизайнын тандаңыз

4.        Карта чыгарууну тастыктаңыз — баары даяр!

Карта боюнча шарттар:

·       Валюта: KGS (сом)

·       Чыгаруу мөөнөтү: заматта

·       Иштөө мөөнөтү: 3 жыл (картанын иш мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы карта тариздөө керек)

·       Тейлөө: акысыз

Картаны бир мүнөттүн ичинде түз эле “Компаньон” тиркемесинде тариздеңиз!  

Бөлүшүү