kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Жашыл келечекти чогуу курабыз: Компаньон Банкынын командасы ЭкоПаркта

Банк жаңылыктары

Жашыл келечекти чогуу курабыз: Компаньон Банкынын командасы ЭкоПаркта

чын куран айы 19, 2025

    Жашыл келечекти чогуу курабыз: Компаньон Банкынын командасы ЭкоПаркта

    Компаньон Банкынын кызматкерлери Бишкектин жашыл өзөгү болгон Карагач токоюндагы ЭкоПаркта өткөн ишембиликке жана көчөт отургузуу иш-чарасына активдүү катышышты. Бул демилге биздин экологиялык аракеттерибиздин бир бөлүгү болуп, ESG принциптерине — коом, жаратылыш жана келечек муундар алдындагы жоопкерчиликке берилгендигибизди дагы бир жолу көрсөттү.

    ЭкоПарк кызматкерлеринин сунушу менен төмөнкү өсүмдүктөр отургузулду:

  • Платан — көлөкө берген, абаны тазалоого жардам берген көп жылдык дарак;

  • Пузыреплодник — мөмөсү парктагы куштарга жана майда жаныбарларга азык боло турган бадал.

    Иш-чаранын алкагында эс алуучу жайлар дагы жакшыртылып, жаңы отургучтар жана таштанды салуучу урналар орнотулду.

    Иш-чарага активдүү катышып, көмөк көрсөткөн АУЦАнын инновациялык колледжинин ыктыярчы студенттерине терең ыраазычылык билдиребиз!

    Көчөттөр отургузулгандан кийин катышуучулар Карагач токою боюнча экскурсияга чыгышып, 43 түрдөгү куштар, майда жаныбарлар жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жашаган бул өзгөчө экосистеманын байлыгы менен таанышышты. ЭкоПарк жаратылыштын табигый абалын мүмкүн болушунча сактоону максат кылат — биз анын бир бөлүгү болгонубызга сыймыктанабыз.

    Эко-демилгелер — бул жөн гана долбоорлор эмес. Бул — жаратылыш, шаар жана адамдар үчүн жоопкерчилик менен кабыл алынган чечим.

Бөлүшүү