- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Кыргызстандын өкүлү алгачкы ирет GABV Башкармалыгына кирди
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
Кыргызстандын өкүлү алгачкы ирет GABV Башкармалыгына кирди
Маргарита Черикбаева Global Alliance for Banking on Values (GABV) уюмунун Директорлор кеңешине дайындалды
«Банк Компаньон» жабык акционердик коомунун (ЖАК)Башкармалыгынын төрайымы Маргарита Черикбаева2025-жылдын 10–13-мартында Угандадагы Кампала шаарында өткөн Global Alliance for Banking on Values (GABV)альянсынын жылдык жыйынында Директорлор кеңешинин мүчөсүболуп шайланды.
Бул окуя «Банк Компаньон» ЖАКжана жалпы Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ. GABV Директорлор кеңешине кирүү — бул банктын жана Маргарита Черикбаеванын өлкөдө жана аймакта баалуулуктарга негизделген банк ишин өнүктүрүүдөгү лидерлигинин, тажрыйбасынын жана салымынын эл аралык деңгээлде таанылышы. Жаңы ролунда ал коомдук жана экологиялык оң таасирге ээ болгон туруктуу өнүгүү боюнча стратегияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат.
GABV жөнүндө
Global Alliance for Banking on Values (GABV) — бул дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн банктарды жана каржы мекемелерин бириктирген эл аралык альянс. Уюм пайда табуудан тышкары, туруктуу өнүгүү, социалдык адилеттүүлүкжана экологиялык жоопкерчиликсыяктуу баалуулуктарды негизги максат катары коёт.
GABV 45 мамлекеттеги 70тен ашуун финансы мекемесин бириктирип, беш континенткежайылган. Уюмдун миссиясы — дүйнөлүк банк системасын этикалык, ачык-айкын жана адамдар менен жаратылыштын келечегине кам көргөн тартипке өзгөртүү.
Альянстын негизги принциптеринин бири — каржы ресурстарын коомго жана экологияга пайдалуу болгон ишкерлерге багыттоо. Мүчө банктар реалдуу экономиканы жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын көздөгөн кардарларды каржылоого басым жасашат.
Маргарита Черикбаева тууралуу
Маргарита Черикбаева — Германиянын Трир университетинин экономика боюнча магистри, ошондой эле Франциядагы Paris School of Businessокуу жайынын бизнес башкаруу боюнча доктору (DBA). Ал учурда «Банк Компаньон» жабык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрайымы болуп иштейт.
Маалымат үчүн
«Банк Компаньон» ЖАК — Кыргыз Республикасынын банк секторунда GABV мүчөсү болгон жалгыз жабык акционердик коом. Бул дайындоо банктын баалуулуктарга негизделген банкингге берилгендигин жана туруктуу, жоопкерчиликтүү өнүгүүгөболгон багытын дагы бир жолу ырастайт.
Банк Компаньон социалдык жактан адилеттүү, экологиялык жактан жоопкерчиликтүү жана ар бир адам үчүн жеткиликтүү финансы кызматтарын жайылтууга активдүү салым кошууда.
Бөлүшүү