- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Мигрант үй-бүлөлөр үчүн АГРОтренинг: бир күндө теория жана практика
Банк жаңылыктары

Мигрант үй-бүлөлөр үчүн АГРОтренинг: бир күндө теория жана практика
Мигрант үй-бүлөлөр үчүн АГРОтренинг: бир күндө теория жана практика
20-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылында мигрант үй-бүлөлөр үчүн «Мөмө берүүчү бактарды бутоо» темасында биринчи АГРОтренинг өткөрүлдү.
Тренинг теория менен практиканы айкалыштырган форматта уюштурулду. Теориялык бөлүк Шапак Рысмендеев атындагы орто мектепте өтүп, катышуучулар мөмө бактарын туура бутоо ыкмалары, иш жүргүзүү мөөнөттөрү жана агротехниканын түшүмдүүлүккө тийгизген таасири тууралуу системалуу билим алышты.
Практикалык бөлүк ошол эле мектептин бакчасында өткөрүлдү. Катышуучулар алган билимдерин дароо иш жүзүндө колдонуп, кеңири тараган каталарды талдап, бутоо ыкмаларын бышыктап, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Мигрант үй-бүлөлөр үчүн мындай демилгелер практикалык мааниге ээ: алынган билим түшүмдүүлүктү жогорулатууга, продукциянын сапатын жакшыртууга жана жеке чарбалардын туруктуулугун бекемдөөгө жардам берет.
АГРОтренингдин өткөрүлүшү айылдык жамааттарды колдоо жана жер-жерлерде талап кылынган практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадам болду.
Бөлүшүү
