kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Компаньон Банкы ЖАК жана Тазалык МИ өз ара кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту

Банк жаңылыктары

Компаньон Банкы ЖАК жана Тазалык МИ өз ара кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту

чын куран айы 28, 2025


    Компаньон Банкы ЖАК жанаТазалык МИ өз ара кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту

    Бишкек, 2025-жылдын 28-апрели — Компаньон Банкы ЖАК жана Тазалык МИ  өз ара кызматташтык тууралуу Макулдашууга кол коюшту. Бул документ туруктуу өнүгүү, шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу жана биргелешкен социалдык демилгелерди ишке ашыруу багытындагы келечектеги өнөктөштүктүн негизин түздү.

    ЖАК «Банк Компаньон» тарабынан Макулдашууга Ольга Шин, маркетинг жана коммуникациялар боюнча башкаруучу директор кол койду.
    МИ «Тазалык» тарабынан Макулдашууга Жолдош Чуштуков, ишкананын директору кол койду.

    Макулдашуунун негизги максаты — төмөнкү багыттар боюнча идеялар жана ресурстар менен бөлүшүү үчүн аянтча түзүү:

    айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык билим берүү,

    социалдык жоопкерчиликти жана шаардыктардын катышуусун арттыруу,

    бизнес менен муниципалдык түзүмдөр ортосундагы ачык жана этикалык кызматташууну өнүктүрүү.

    Өнөктөштүк алкагында Бишкектин жаңы конуштарында, таштанды чогултуу үчүн зарыл инфраструктура жетишпеген жерлерде көчө таштанды челектерин орнотууга колдоо көрсөтүү пландалууда. 

    «Биз биргеликте бир жолку акцияларды гана уюштурбастан, узакмөөнөттүүжананатыйжалуукызматкылгансистемалуучечимдердижаратаалабыз», — деп белгиледи ЖАК «Банк Компаньон» маркетинг жана коммуникациялар боюнча башкаруучу директору Ольга Шин.

    Пилоттук долбоор Бишкек шаарынын Первомай районунда ишке ашырылат. Өзгөчө көңүл социалдык жактан аялуу катмардагы тургундарды колдоого бурулат.     Долбоордун каржылоосу Банк Компаньондун корпоративдик социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында жүргүзүлөт.

    Макулдашууга кол коюу Банктын экосоциалдык демилгелер жаатындагы стратегиясынын мыйзам ченемдүү уландысы болуп калды.

    МИ «Тазалык» шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү жаатындагы негизги өнөктөш катары жоопкерчиликтүү бизнес менен кызматташууну бишкектиктердин жашоо сапатын жакшыртуу багытында маанилүү кадам катары баалайт.

    Тараптар бул Макулдашууга кол коюу маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жана туруктуулук принциптерине негизделген башкарууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген ишенимин билдиришти.

Бөлүшүү