kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • 2025-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча “Компаньон Банкы” Кыргызстандын нетто-активдери эң чоң болгон алдыңкы 10 банкка кирди

Банк жаңылыктары

2025-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча “Компаньон Банкы” Кыргызстандын нетто-активдери эң чоң болгон алдыңкы 10 банкка кирди

теке айы 30, 2025

2025-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча “Компаньон Банкы” Кыргызстандын нетто-активдери эң чоң болгон алдыңкы 10 банкка кирди

Июль айын позитивдүү жаңылык менен жыйынтыктадык!

2025-жылдын июль айынын жыйынтыгында “Компаньон Банкы” коммерциялык банктардын арасынан нетто-активдеринин көлөмү боюнча өлкөдөгү алдыңкы он банкка кирди (милдеттемелер + капитал). Бул жыйынтык — банкты туруктуу өнүгүп келе жаткан, жогорку деңгээлде башкарылып жаткан мекеме катары мүнөздөйт (булак: Акчабар маалымат порталы).

Нетто-активдер — банктын туруктуулугун жана эффективдүүлүгүн баалоодо негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Бул көрсөткүчтүн өсүшү — банктын каржылык абалы бекем экендигинин, кардарлар алдындагы милдеттенмелерди аткаруу жөндөмдүүлүгүнүн жана тандалган стратегиялык багыт менен ишенимдүү жүрүп жаткандыгынын далили.

Банк санариптик чечимдерге инвестициялоону, продуктыларды кеңейтүүнү жана тейлөө сапатын жогорулатууну улантууда.

Санариптик багытты өнүктүрүү менен, Компаньон Банкы заманбап технологияларга жана кардарлар үчүн ыңгайлуу чечимдерге артыкчылык берүүдө.

Ишкерлер үчүн “Компаньон Бизнес” мобилдик тиркемеси сунушталат — бул каржыны башкарууга, төлөм жүргүзүүгө, эсептерди көзөмөлдөөгө жана ишкердик жүргүзүүгө мүмкүндүк берген заманбап курал.

Жеке жактар үчүн “Компаньон” мобилдик тиркемеси 800дөн ашык каржылык кызматтарды сунуштайт жана Кыргызстандын эң популярдуу банктардын тиркемелери катарында турат.

Бөлүшүү