kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Пайдалуу практика: Кара-Дыйкан айылында Банк Компаньондун тренинги өттү

Банк жаңылыктары

Пайдалуу практика: Кара-Дыйкан айылында Банк Компаньондун тренинги өттү

теке айы 31, 2025

Пайдалуу практика: Кара-Дыйкан айылында малдын тирүү салмагын аныктоо боюнча Банк Компаньондун тренинги өттү

Кыргызстанда мал багуу жана асыл тукум мал чарбачылыгы айыл тургундары үчүн негизги киреше булактарынын бири болуп саналат. Айрыкча аймактарда, мал чарбачылыгы жөн гана жашоо образы эмес, үй-бүлөнүн экономикалык туруктуулугунун негизи болуп калган. Ушул себептен улам, Компаньон Банкы өлкө боюнча фермерлер үчүн агартуу багытындагы практикалык тренингдерди өткөрүүнү улантууда. Мындай иш-чаралардын бири Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында уюштурулду.

Айылда таң эрте башталат — дале караңгыда. Саат 6:00дө, жергиликтүү тургундар өз уйларын жайлоого айдап чыгышат. Ар кимдин өзүнүн ири малы бар, бирок баары «бада» деп аталган бириккен үйүр менен, бир чабандын көзөмөлүндө алып чыгылат. Булардын арасында — мигранттардын үй-бүлөлөрү, өз колундагы чарбасын өнүктүрүүгө кызыкдар жана малдын продуктивдүүлүгүн жогорулатууга умтулган жарандар. Компаньон Банкынын аймактык менеджерлери алар үчүн атайын окуу тобун түзүп, тирүү салмакты аныктоо боюнча практикалык тренинг өткөрүштү.

Катышуучулар эмнелерди билип алышты?

- Таразысыз эле уйдун тирүү салмагын кантип аныктоого болот;

- Жайытка чыгуу жана тоют сапаты малдын салмагына кандай таасир этет;

- Эмне үчүн туура тамактандыруу малдын ден соолугу менен сүттүүлүгүнө түз таасир берет.


Бул эмне үчүн маанилүү?
Тирүү салмакты түшүнүү төмөнкү максаттарга жардам берет:

  • Малдын реалдуу продуктивдүүлүгүн баалоо;

  • Тоютту тууралап, азыктанууга байланышкан маселелерди аныктоо;

  • Жоопкерчилик менен жана туура баада сатуу;

  • Үй шартында эсеп жүргүзүп, чарбаны өнүктүрүүнү пландаштыруу.

Биздин миссия — каржылык өнөктөш болуу менен бирге, билим берүү жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө реалдуу колдоо көрсөтүү. Мигранттардын үй-бүлөлөрүн, малчыларды жана фермерлерди заманбап ыкмалар менен тааныштыруу жана билим берүү аркылуу колдоо — бул биздин аймактык туруктуу өнүгүү программаларыбыздын өзөгү.

Эгер сиз да ушундай тренингдерге катышкыңыз келсе, жакынкы Компаньон Банк кеңсесине же аймактык менеджерлерге кайрылыңыз.

Бөлүшүү