- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КОМПАНЬОН БАНКЫ ЧЕНДЕРДИ ЖОГОРУЛАТАТ
Банк жаңылыктары
КОМПАНЬОН БАНКЫ ЧЕНДЕРДИ ЖОГОРУЛАТАТ
Өз акчаңызды натыйжалуу башкаруу — каржылык туруктуулуктун ачкычы. Компаньон Банкы сизге финансылык сабаттуулукка карай маанилүү кадамды жасоону сунуштайт: сом менен жылдык 13% га чейин жогорлутулган чен менен депозит ачыңыз. Келечекти пландагыңыз келеби же коопсуздук жаздыгын түзүүнү каалайсызбы, Компаньон Банкынын мөөнөттүү, топтолучу жана пенсиялык депозиттери сизге максаттарыңызга жетүүгө жардам берет.
Эмне үчүн депозит ачуу маанилүү?
Депозит — бул акчаны сактоонун жолу гана эмес, аны минималдуу тобокелдик менен көбөйтүү мүмкүнчүлүгү. Компаньон Банкынын депозиттери боюнча чендер гана жагымдуу болбостон, сиздин каражаттарыңыздын сактыгынын кепилдиги. Финансылык сабаттуулук — бул акчаны туура пайдаланууну түшүнүүдөн башталат.
Компаньон Банкынын депозиттеринин артыкчылыктары:
- Пайдалуу пайыздык чендер
- Каалаган убакта толуктоо
- Онлайн ачуу жана толуктоо
- Депозиттерди коргоо — сиздин каражаттарыңыз Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан камсыздандырылган.
- Банктын ишенимдүүлүгү — уставдык капиталы бир миллиард сомдон ашык болгондуктан, биз пайыздарды өз убагында эсептөөнү жана төлөп берүүнү кепилдейбиз.
Акчаңызды башкаруу оӊой:
- "Компаньон" мобилдик тиркемеси
- Компаньон Банкынын жана өнөктөштөрдүн төлөм терминалдары: Pay24, QuickPay, UMAI, О!, Оңой, MegaPay, Unipay ж.б.
- Электрондук капчыктар жана мобилдик банктар: О!деньги, Balance, Megapay, Элсом, Элкарт, MВank, Optima 24, My-Halyk, РСК 24 ж.б.
Финансылык сабаттуулукту Компаньон Банкы менен өнүктүрүңүз — депозит ачуу акчаңызды башкарууга жана каржылык максаттарыңызга жетүүгө биринчи кадам болот!
Бөлүшүү