- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КОМПАНЬОН БАНКЫ ТӨРТ ЖАЙЛОО БАЛДАР БОРБОРУНА КОЛДОО КӨРСӨТТҮҮ
Банк жаңылыктары
КОМПАНЬОН БАНКЫ ТӨРТ ЖАЙЛОО БАЛДАР БОРБОРУНА КОЛДОО КӨРСӨТТҮҮ
Компаньон Банкы Роза Отунбаеванын демилгеси коомдук фонду тарабынан уюштурулган билим берүү долбоорунун алкагында төрт жайлоо балдар борборуна колдоо көрсөттү. Банк тогуз жылдан бери тоолуу жана алыскы аймактардагы балдардын билим алуусуна шарт түзүүгө багытталган "Жайлоо өнүктүрүү борборлору" долбооруна активдүү катышып келет.
Бул колдоонун алкагында Чоң-Алайда жайгашкан "Жеткинчек", Базар-Коргон районундагы "Наристе", Ысык-Көл облусундагы "Каркыра" жана Кочкор районундагы "Сезим" балдар борборлоруна керектүү кеңсе буюмдары, оюнчуктар жана ишмердүүлүктү камсыздоочу жабдуулар берилди. "Сезим" борборуна телевизор сатып алынып, балдардын билим алуусу үчүн шарттар кыйла жакшырды.
Бул аракеттер балдар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүгө багытталган, алар өздөрүнүн жөндөмдөрүн өнүктүрүп, потенциалдарын ачып, өсүшөт. Жыл сайын 3000ден ашуун бала жайлоо балдар борборлоруна келип, окуу, жазуу, эсептөө сыяктуу негизги көндүмдөрдү үйрөнүшөт, ошондой эле жашоого керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүшөт. Борборлордо балдар жана алардын ата-энелери үчүн ар кандай багыттар боюнча мастер-класстар да уюштурулуп турат.
Компаньон Банкы социалдык жоопкерчиликтүү каржылык кызмат көрсөтүү аркылуу өз кардарларынын жана коомчулуктардын экономикалык жана социалдык жыргалчылыгын жакшыртууну, ошондой эле өлкө боюнча каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү көздөйт, ал эми экологияны коргоого өзгөчө маани берет. Банк өзүнүн миссиясынын алкагында коомдун социалдык өнүгүүсүн каржылык туруктуулук менен айкалыштырат.
Бөлүшүү