- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- БАНК КОМПАНЬОН – «ЭЛКАРТ» ЭЛЕКТРОНДУК СООДА ТӨЛӨМДӨРҮ БОЮНЧА ЖЫЛДЫН БАНКЫ!
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
БАНК КОМПАНЬОН – «ЭЛКАРТ» ЭЛЕКТРОНДУК СООДА ТӨЛӨМДӨРҮ БОЮНЧА ЖЫЛДЫН БАНКЫ!
Банк Компаньон санариптик каржылык кызматтарды өнүктүрүүдө ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылууда — биздин банктык кызматтар күн сайын дагы да ыңгайлуу, тез жана коопсуз болууда.
Бул жетишкендик IPS Awards 2024 сыйлыгын тапшыруу аземинде жогору бааланды. ЖАК «Межбанковский процессинговый центр» (МПЦ) версиясы боюнча, Банк Компаньон «Элкарт» Е-commerce (электрондук соода) төлөмдөрүнүн көлөмү боюнча ЖЫЛДЫН БАНКЫ болуп табылды!
Татыктуу таануу
«Элкарт» Е-commerce төлөмдөрү боюнча Жылдын банкы
Бул сыйлык — кардарлардын жогорку ишениминин жана банктын санариптик чечимдеринин ийгиликтүүлүгүнүн далили.
Банк Компаньон онлайн-төлөмдөрдү ыңгайлуу, коопсуз жана ар бир адам үчүн жеткиликтүү кылат.«Элкарт Мобайл» тиркемесиндеги QR-төлөмдөрдү колдогон Жылдын өнөктөшү
Биз контактсыз технологияларды активдүү өнүктүрүп, QR аркылуу төлөмдөрдү жөнөкөй, ылдам жана коопсуз кылабыз.
Бул сыйлыктар жөн гана баалоо эмес — алар Банк Компаньон өзүнүн кардарлары менен чогуу келечектеги банкингди калыптандырып жаткандыгынын далили. Биз ар дайым кардарлардын муктаждыктарына көңүл буруп, инновациялык технологияларга инвестиция салып, аралыктан тейлөөнү өнүктүрүүдөбүз.
МПЦден алган бул баалуу таануу бизге жаңы дем берет!
Биз кардарлардын жашоосун жеңилдеткен, инновациялык каржылык чечимдерди жаратууну улантабыз.
Банк Компаньонду тандаганыңыз үчүн рахмат!
Сиздин санариптик финансы дүйнөсүндөгү ишенимдүү өнөктөшүңүз болууга дайым даярбыз.
Бөлүшүү