kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Компаньон Банкы GIZ программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасына катышты

Банк жаңылыктары

Компаньон Банкы GIZ программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасына катышты

бугу айы 26, 2026

Компаньон Банкы GIZ программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасына катышты

2026-жылдын 26-майында Компаньон Банкы GIZ тарабынан Европа Биримдиги, Швейцария жана Германия Өкмөттөрүнүн биргелешкен каржылык колдоосу менен ишке ашырылган «Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү» программасынын жыйынтыктоочу расмий иш-чарасына катышты.

Иш-чара Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтүп, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, финансылык сектордун, бизнестин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди.

Иш-чаранын алкагында өнөктөштөргө жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү багытындагы салымы үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

Компаньон Банкы туруктуу өнүгүү, жашыл каржылоо жана экологиялык демилгелерди колдоодогу салымы үчүн «Green Economy and Sustainable Private Sector Development in the Kyrgyz Republic» программасынын ыраазычылык каты менен сыйланды.

Ыраазычылык катында Банктын туруктуу экономикалык өсүштү колдоого, жашыл демилгелерди өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон салымы өзгөчө белгиленди.

Иш-чаранын катышуучулары тематикалык иммерсивдүү павильондор аркылуу программанын негизги жыйынтыктары менен таанышты. Алар төмөнкү багыттарды камтыды:

• жашыл саясат жана экономикалык моделдөө;

• жашыл каржылоо;

• туруктуу айыл чарба жана агропрактикалар;

• туруктуу туризм;

• жашыл билим берүү;

• социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөр боюнча коммуникациялар;

• жашыл инновациялар фонду жана башка багыттар.

Компаньон Банкы ESG-ыкмаларын, туруктуу каржылоону, финансылык инклюзияны жана Кыргызстандын аймактарынын туруктуу өнүгүүсүн колдоого багытталган демилгелерди мындан ары да колдоону улантат.

Бөлүшүү