- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Компаньон Банкы GRI эл аралык стандарттарына ылайык даярдалган 2025-жылдагы ESG отчетун жарыялады
Банк жаңылыктары
%2520(25).png&w=3840&q=75)
Компаньон Банкы GRI эл аралык стандарттарына ылайык даярдалган 2025-жылдагы ESG отчетун жарыялады
Компаньон Банкы GRI эл аралык стандарттарына ылайык даярдалган 2025-жылдагы ESG отчетун жарыялады
Компаньон Банкы Global Reporting Initiative (GRI) эл аралык стандарттарына ылайык даярдалган 2025-жылдагы ESG отчетун жарыялады. GRI туруктуу өнүгүү жаатындагы маалыматтарды ачыктоонун дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган эл аралык стандарттарынын бири болуп саналат.
Документте Банктын корпоративдик башкаруу, кызматкерлерди өнүктүрүү, кардарларды жана жергиликтүү жамааттарды колдоо, туруктуу долбоорлорду каржылоо, ошондой эле экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу боюнча жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү чагылдырылган. Ошондой эле анда 2025-жылдагы негизги жетишкендиктер, ишке ашырылган демилгелер жана ESG багытындагы стратегиялык артыкчылыктар камтылган.
Отчет 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтыйт жана кардарлар, өнөктөштөр, инвесторлор, жөнгө салуучу органдар, эл аралык каржы институттары, кызматкерлер жана башка кызыкдар тараптар үчүн даярдалган.
Компаньон Банкынын 2025-жылдагы ESG отчету менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыз:
Компаньон Банкынын 2025-жылдагы ESG отчетун жүктөп алуу (PDF, 63,5 МБ)
Банк ESG башкаруу системасын мындан ары да өркүндөтүүнү, маалыматтарды ачыктоонун сапатын жогорулатууну жана туруктуу каржылоо боюнча тажрыйбаларды эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүнү улантат.
Бөлүшүү
